// //

14-февралда төрөлгөн уулубуздун аты Валентинбек болмок. Күлкүлүү окуялар

2021.02.14, 13:15
2842

Bilesinbi.kg 14-февраль, сүйүү күнүнө карата окурмандарынын башынан өткөн  окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул күлкүлүү баяндарды окуп, сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ишенип, маанайыңызды көтөрүп алыңыз. 

Жок жигиттен белек

Колледжде окуп жүргөн кез. 14-февралда жигити бар кыздар гүл, шоколад, мамалак алышчу. Биз жигити жоктор алардын гүлүн кармап сүрөткө түшүп, статуска киргизип калп эле “рахмат” деп койчубуз. urkuya__01

Уялчаак кыз

Союздун кези. 7-классымда бир класс жогору окуган жигит пальто чечип илген гардеробдон пальтомун чөнтөгүнө “цепочка” менен сувенир салып коюптур. Ал күнү туулган күнүм болчу. “Переменада” беш мүнөт пальтому кийип, белектерди көрүп, катын окудум. Бирок, алалган жокмун. Бетим кызарып, аалам билгенсип титиреп корктум. Уят деп ойлодум. Экинчи "переменада" бирөө уурдап кетиптир. Тиги жигит алдыбы деп курбумдан сураса, ал бирөө уурдап кеткенин айтыптыр. Үч күндөн кийин таап, кайра досунан берип жибериптир. Ошол жигиттин көзү өткөнүнө жети жыл болду. Айылдашым эле. Эх... abdrahmgula

Легенда болгон сүйүү

Мектепте өзүмдөн бир класс ылдый окуган бала кат берген. Катты ачып окусам “жакшы көрүп калдым”, “сүйүп калдым”, “кыз-жигит болуп жүрүп алалы” деген сөздөр жазылыптыр. Анан бир нерседен жүрөкчө жасап, менин атым менен өзүнүн аттын жазып коюптур. Анан мектепте экөөбүз тууралуу легенда болгон. Классташ балдары мени  “аяш” дешип, чиркин. Шакек, шоколад бергендери эсимде. vakhapova.98

Тентек кыздар

Окуучу кезде мектепте концерт уюштурчубуз. Анан аягында ящиктерге салынган каттарды алчубуз. Ошондо кыздар эле бири-бирибизге актай кагаз эле салып койчубуз. Көбүрөөк атыбыз чыксын деп. gulmairam.ab

Түш

Сүйүү күнүндө күйөөм 101 роза берди. Ресторанда олтурабыз, анан эле шаарлар асмандан түшүп, свет өчтү.  Ортодо күйөөм гүл кармап турат. Ойгонсом баары түшүм экен. dinara96238

Валентинбек

Мен 2013-жылдын 14-февралында уулду болгом. Анан кандай ысым койсок десем, эжем “Валентинбек койболубу”,-деп күлдү. Ошол күн мага эң чоң белек болгон. Уулум 14-февралда сегиз жашка чыгат. Атын болсо “Даниль” деп койдук. yntymakdancho

Мыкты күйөө

Бойдок кезде такыр майрамдаган эмесмин. Турмушка чыктым. Мен студент, жолдошум болсо иштейт. Дал ошол маалда жумуш жакшы жүрбөй, болгон акчабыз тамак-аштан артпай жаткан. 14-февралда “Майрамың менен!”- деп, күйөөм бир роза гүлүн көтөрүп келген. Ошол кездеги сезимимди эч унута албайм. alinakurmambekovna94

Жылдыз кыздар

Мен 3-класста  орус класстан, кыргыз класска которулуп келгем. Курбум экөөбүз класста жылдыз болчубуз. Экөөбүздү эки дос бала жакшы көрчү, алардын бизди жакшы көргөнүн бүт баары билишчү. Классташтар, үйдөгүлөр, жадакалса мугалимдер. 14-февраль күнү мени жакшы көргөн бала гүл менен шоколад, курбумду жакшы көргөн бала гүл көтөрүп келиптир. Мугалимдер сабак учурунда тургузуп, бизге окуучулардын алдында каалоо тилек айттырып бердиришкен. "Азыр сабактан кийин албай кетип калышат, бол азыр бергиле"-дешкен. farida_pirmankulovna_

Таштандыга салынган каттар

Класста кимге көп кат келсе, ошол авторитет эле. Кимге канча кат келиптир деп бири-бирибиздикин сурап эле жүрчүбүз. Бир жылы мага көп келген. Анан бирин дагы окубай, баарын каратып туруп таштандыга салып койгом. Анын ичинде күйөөмдүн жазган каты дагы бар болчу экен. Азыр баарын окуп чыксам эмне болмок деп өкүнөм. smysl_jizni123

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт