// //

Ыраматылык чоң атам кудалашкан кызымды көрүп чалкаман кеттим

2021.02.22, 11:52
11594

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Айжан менен сүйлөшүп жүргөнүмө бир жылдай болуп калган. Жогорку окуу жайды бүтсөк эле баш кошобуз деген максаттарыбыз бар болчу. 

Ата-энем жанымды койбой айылга чакыра берди. Жуманын аягында айылга жөнөдүм. Айылга жеткиче кантип Айжан менен таанышып калганым жөнүндө айтып берейинчи (күлүп).

Сүйүүмдү "Одноклассникиден" тапкам. 

Тааныштык, сураша келсек менин айылымдан кийинки үчүнчү айылдын сулуусу экен. Профилинде окуучулук кезинде түшкөн бир эле сүрөтү бар болчу. Башка сүрөтүн сурагандан уялып жүрдүм.

Сүйлөгөндөрү орундуу, сырдуу болгону үчүн өзүн көрбөй эле жактыра баштадым. Бир ай өттү, дагы эле сүрөтүн сурай албайм. Жолугууга чакырайын дейм, бирок мен күткөндөй болбой калсачы деп корком. Экинчи ай өткөндө: 

- Айжан, жолугуга чакырсам каршы эмессиңби?

- Эмнеге каршы болмок элем? 

- Анда эртең, саат кечки бештерде Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан күтөм. 

- Сүйлөштүк!

Ойлорум арты-артынан чубала баштады. Жакпай калса эмне болот? Аны кой, мен ага жакпай калсамчы? Ваай, “красавчик” элеминг Ха-ха, кой жыргабай Аргенди мени менен жолугушууга барганга көндүрөйүн. Сабакка жөнөдүм. 

- Арген, эртең Айжан менен жоолукканы жатам. 

- Дагы эки ай күтсөң болмок . Мен сага канча айттым, уялбай эле чакыра бер деп. 

- Ошо, эртең кечки беште жолугабыз. 

- Менден эмне жардам керек? Же ордуна мен барып келейинби? 

- Койчу тамашаңды, андан көрө айтчы, жакпай калса эмне кылайын? Мени менен барып келчи?

- Мага эмне бар? Ой коркпочу жагат. “Отвечаю!” 

Аргендин айтканындай эле болду. Мен кыялданып жүргөндөй кыз экен. Бир эле штук роза алып алганыма уялдым. Жылдызыбыз келишип калды окшойт, мамилебиз ойдогудай уланды. 

Айылга жеттим. “Үйлөн” деп айтыш үчүн чакырышыптыр. Телефондон деле айтып коюшса болот да. "Макул, күзүндө үйлөнөм. Окуумду да бүтөм, Айжан да окуусун бүтүп калат",- дедим. 

Апам таң калып туруп калды.

- Айжаның ким ботом? Биз тиги Сейит чоң атанын небересине куда түшсөкпү деп жатканбыз.

- Менин сүйлөшкөн кызым бар да.

"Токтот, чоң атаң көзү тирүү кезде Сейит ата менен макулдашып койгон!”, - деп атам өктөм сүйлөдү. Апам "балам, бир жолугуп көрчү",-деп жатып акыры көндүрдү. 

Телефонго Айжандан кат келди. “Мен да айылга чыгып жатам, ата-энем шашылыш келип кал деди”. 

Кечки тамакта: 

- Качан барабыз? 

- Бүрсүгүнү, кызы бүгүн же эртең келет экен. 

- Мага жакпай калса эмне кылам? 

- Жагат. Жактырышып кетесиңер. 

Жолго чыктык. Былтыйып бир да сөз сүйлөгөн жокмун. Дасторкон даярдап бизди тосуп алышты. Башымды көтөрбөй олтура бердим. 

- Бул келечектеги күйөө бала уялчаакго дейм ыя? 

Апам нукуп, "башыңды көтөр",- деп шыбырады. Төрдө олтурган кишини бир жерден көргөндөй болуп кеттим. Бирок эстей албай койдум. Кайра башты ылдый салдым. 

- Биздин кыздын аты Айжан. Бишкекте окуйт. Келегой кызым.

Менин Айжаным эмеспи? Дароо башты көртөрүп босого жакты карадым. Көздөрү шишиген, көңүлү жок менин Айжаным кирип келди. Байкушум ыйлаган окшойт. Бири-бирибизди көрүп жүзүбүзгө кан жүгүрдү. Кудуңдап олтурдум. Жолго чыктык. 

- Ата, тойду эртерээк кылсак болбойбу? 

- Эмне дейт? Кече эле тескери секирип жатпадың беле? 

- Ата, апа бул менин сүйлөшкөн кызым экен. Тагдырдын тамашасы деген ушул окшойт. 

- Айиий ай, жакшы болбодубу, баламдын кыйналганын көрүп жүрөгүм ооруп жатпады беле.

Апам чекемден өптү. 

Азыр ошол күндү эстеп алып күлөбүз. Айжандын суранычы менен жаздым. Баарыңарга бакыт каалайбыз! 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт