// //

Күйөөмдүн шаарда үйү бар, мен төрт балам менен батирде жашайм

2021.02.18, 11:50
1878

Саламатсызбы! Мен күйөөм менен ажырашып жатам. Ортодо төрт балабыз бар. Күйөөмүн Бишкек шаарында батири бар, өзүнүн атында. Өзүбүз Өзгөн шаарында жашайбыз. Ошол үйдү бөлдүрүү үчүн эмне кылсам болот? Кайсы шаардын сотуна кайрылам? Азыркы мезгилде балдарым менен батирге ижара төлөп жашап жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2021, 12:10

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Ажырашуу боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда ортодогу мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылсаңыз болот.

Бирок, бир жагдайды айта кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө "Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат" деп көрсөтүлгөн.

Демек, күйөөңүздүн ал батири силер баш кошконго чейин эле атына алынган үй болсо же силер никеде болгон учурда ага белек иретинде берилсе, ал анын жеке мүлкү болуп эсептелинет. Ал эми бул мүлк силердин жалпы мүлкүңөр болсо, анда ортоңордо тең бөлүштүрүлөт. Бөлүштүрүү үчүн сиз башында айтып өткөнүмдөй, сотко өтүнүч менен кайрыласыз. 

Ошондой эле, балдарыңызга алимент өндүрүү маселеси боюнча, ажырашуу учурунда сотко өтүнүч менен кайрылып, алимент белгилеп берүүсүн сурансаңыз болот. Өзүңүз же жолдошуңуз жашаган аймактагы сотко кайрылыңыз.

Алимент арызынын үлгүсү

 

_______________________________________

(соттун аталышын көрсөтүңүз)

Өндүрүп алуучу: ______________________________________

(Сиздин аты-жөнүңүз, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз, туулган жана иштеген жериңиз)

Дарегим:_____________________________

(Бул жерге өзүңүздүн жашаган даректи, телефон номерди жазасыз)

Карызкор: ______________________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, туулган жана иштеген жери. Эгерде маалыматтарды билбесеңиз “төрөлгөн жана иштеген жерин билбейм” деп жазасыз)

Дареги: _____________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун жашаган дарегин, телефон номерин көрсөтөсүз)

 

АРЫЗ (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен ________________________________________, карызкор ______________________________ менен 20____-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике ____________ЖААК бөлүмү тарабынан катталган ((Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери __________).

Ал эми ортодогу никеден бир перзенттүү болгонбуз:

______________________, 20___-жылдын ___- (айы) төрөлгөн.

Бирок 20__-жылдын _____ айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыздын көптүгүнөн улам ажыраштык.

Азыркы үчүрда балам менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, карызкор жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Карызкор _____________________________________тен – менин пайдама бир балам үчүн – ___________________________________________________________ 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Аталыгын аныктоо жөнүндөгү көбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Менин паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көчүрмөлөрү;
  5. Баламдын ден-соолугу тууралуу берилген тактама;
  6. Арызды карызкорго берүү үчүн көчүрмөсү.

Өндүрүп алуучу: ________ (аты-жөнүңүз) _________________

 

Мисалы:

 

Жалал-Абад шаардык сотуна

Өндүрүп алүүчү: Шаршенова Амалия Арстанбековна 25.07.1981-жылы төрөлгөн, дарыгер.

Дарегим: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Э. Осмонов көчөсү, 55-үй, телефон: 055555466.

Карызкор: Атабаев Жолчубай Досматович, 21.01.1982-жылы төрөлгөн, иштеген жери мага белгилүү эмес.

Дареги: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Набережный көчөсү, 66-үй, телефон: 0774444693.

 

А Р Ы З (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен, Шаршенова Амалия Арстанбековна, Атабаев Жолчубай Досматович менен 2007-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2007-жылдын 03-майында Аксы райондук, ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0400999).

Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз:

  1. Атабаев Аман Жолчубайвич, 2007-жылдын 08-августунда төрөлгөн.

Бирок 2014-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп кетти.  Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.

Азыркы учурда балам менен чогуу жашаймын, Жолчубай жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Атабаев Жолчубай Досматовичтен – менин пайдама балам үчүн – Атабаев Аман Жолчубайвич 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. А.Ж. Атабаевтын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  5. А.Ж. Атабаевтын ден-соолугу тууралуу тактамасы;

Арыз ээси: Шаршенова А. А.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт