// //

Шаардык күйөө балама бээ саадырып сынасам, айткан сөзү таң калтырды

2021.02.17, 14:56
13357

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын аганын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Карындашым бизди таң калтырганын койбоду. Кичнесинен эле шок кыз. Тентектиги чоңойгондо дагы калбады. Жөн жүрбөйт. Милиция келип же тез жардамдан чалса чочубайбыз, көнүп деле бүттүк. “Дагы Айнурабы”,-деп бейкапар кол шилтеп коебуз.

Өзүбүздүн айылдагы эле жигиттердин бирөөнө турмушка чыгат деп ойлогонбуз. Анткени, артынан чуркап жүргөндөр көп болчу. Кудайдын куттуу күнү терезебиз сынат эле. Кечинде келип алышып, Айнураны чакырабыз деп, анын бөлмөсүнүн айнегине таш ыргытышат. Анан мен Балтекти кое берем. Үйлөрүнө кантип жеткенин билбей калышат (күлүп).

“Ай, мунуңар кой сое алабы”, “күйөө балаңар аппак жигит го”, “кайын атасын “папа” дейт болуш керек” ж.б. Карындашым шаардык жигитке турмушка чыкты. Туугандар шыбырашып бүтпөй коюшту. Атам “койду өзүм деле соем, экөө бактылуу болсо болду”,-десе, апам “эрке кызымдын тандоосун колдойбуз”,-деп кутулат.

Чынын айтканда мен башында күйөө баламды катуу эле сынадым. Эми туура түшүнөсүңөр деген ойдомун, жалгыз карындашымды кантип жөн эле берип коеюн. Үйгө келгенде атайын оор жумуштарга салат элем. Билесиңерби, унчукпай жасап жүрө берет. Мага жаккан бир сапаты бар: билбегенин сурагандан уялбайт. “Мен бул ишти мурда жасап көрбөптүрмүн, бирок түшүндүрүп койсоңуз, эптеп кетем”,-дейт.

Бул жайда карындашымдын кайын-журтун жайлоого чыгарып келдик. Куда менен кудайгый сонун адамдар экен. Чынын айтайын, жашоо деңгээлдери биздикинен бийик. Бирок, ошого карабастан адамгерчиликтерине баа бердим. Бир кадам басып эле ар нерсени сүрөткө тартып жатышты. Биз маани бербеген койлор дагы сүрөткө түшүп жылдыз болду го чиркин (күлүп). А мен дагы эле күйөө баламды сыноодон өткөрүп жүрөм.

Баарыбыз таң эрте туруп саамал ичип отурганбыз. Ошол жерден, “Айнуранын аркасынан бээ саай алган жигиттер чуркады эле”,-деп күйөө балама тийиштим. Ал ордунан туруп, чаканы алып желеге көздөй жөнөдү. Анан бир бээни кармап келип, кадимкидей саап кирди. Анан кайра жаныма келип, чыныма сүт куюп берип, “байке, карындашыңызга татыктуу күйөө экениме көзүңүз жеткиче бардык сынооңуздан өтөм”,-деди. Ордуман туруп "Өттүң!"-деп колун бекем кыстым. 

Азыр экөө бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Эки балалуу болуп калышты, үчүнчүсүн күтүп жатышат. Бир жолу өткөндү эстеп, бээ сааганды кайдан үйрөнгөнүн сурадым.  “Болду, болбоду, ушу байкем мени бээ садырып сынайт деп, түнү менен интернеттен видеолорду көрүп чыккам”,-деп таң калтырса болобу. Кыскасы, күйөө балам “красавчик”.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт