// //

Кайын энем экөөбүздү жакындаткан боз чычканга рахмат

2021.02.04, 13:29
5635

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

10 мүнөт. 30 мүнөт. Бир саат. Бир 30 мүнөт. Дубалда илинип турган саатты тиктеп отурганыбызга бир саат 40 мүнөт болду. Кайын энем дивандын ары бурчунда. Мен бери бурчунда. Бутубуз талып кетти. Сунайын десем ага тиет. Ал сунайын десе мага тиет. Күйөөм баратам деген боюнча жок.

Таң эрте кадимкидей эле ойгондук. Кайын энем сыртта, мен үйдө элем. Кечээ экөөбүз таарыныша кеткенбиз. Буга чейин деле мага кыялын көрсөтүп, көп жактырбай жүргөн. Чайга чакырсам келбей койду. Өзүм курсагымды тойгузуп алып жумушума жөнөгөнү жаткам.

Залга сумкамды алганы кирсем кытыраган үн чыкты. Көчөдөн мышыктар кирип кеткенби десем эч ким көрүнбөйт. Башымды ийип дивандын алдын карасам эки кичинекей көз күйүп турат. Бир маалда мени көздөй чуркап келатат. Чычкан экен. Апааа!

Дивандын үстүнө туруп алып бакыра бердим. Күйөөм жумушуна кетип калган. Кайын энем чуркап кирди. Ал дагы чычканды көрөрү менен “Ай, кокуй!” деген боюнча диванга шап чыкты. Тиги чычкан бир кебелип койсо кана. Босогодо бизди тиктеп тура берди. Күйөөмө чалдым. “Барбайм”,-деп жатты эле, кайын энем экөөбүз тең бир убакта “Кел!” деп бакырсак, макул деген боюнча калды.

Эки саат өттү. Кайын энем “сен дагы чычкандан коркот белең”,-деди. Кичинемде катуу коркуп калганымды айттым. Экөөбүз сүйлөшө кеттик. Толтура, окшош жактарыбыз бар экен. Бир маалда берилип сүйлөшүп отура берип тиги чычканды унутуп калыппыз. Бурчту карасак жок. Экөөбүз бөлмөгө көз чаптыра баштадык. Бир маалда эле мен тараптан диванга чыгып келатканын байкадым. “Апа, сактаңыз” деген боюнча кайын энеме жабыштым. Ал байпагын чече калып дивандын үстүн койгулап кирди. Тиги чычкан кайра түшүп ордуна туруп алды.

“Балч!” чычкандын ажалы күйөөмдүн таманынын алдында экен. Кайын энем экөөбүз кучакташып отуруп уктап кетиппиз. Күйөөм кирип келгенде ойгондук.

Азыр бул окуяны эстеп күлүп калабыз. Күйөөм шылдыңдап кайын энем экөөбүзгө төшүндө чычкандын сүрөтү бар футболка белек кылган. А биз ага жооп кылып, 23-февралда өлүк чычкандын сүрөтү бар футболка бердик.

Ошол боз чычкан биздин үй-бүлөнү жакындатты. Чынында, бул үчүн ага рахмат айтуу керек. Эгер ал болбосо, кайын энем экөөбүз ачык сүйлөшө албай жүрө бермекпиз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялымды түндө көчөдөн издеп ыйлаганым эсимден кетпейт

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт