Сүрөтүңүздү бул тиркемелер менен өңдөсөңүз баары суктанат
Инстаграмга же башка социалдык тармактарга сүрөт жүктөө үчүн бир топ аракет кылабыз. Жүз жолу сүрөткө түшкөндү, тандаганды кошпогондо, сүрөттү кооздоо, өңдөө деген нерсе бар. Bilesinbi.kg сиздер үчүн сүрөттү өңдөө үчүн арналган үч тиркемени сунуштайт. Пайдалуу болсо, башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз.
1. Snapseed
Google компаниясы тарабынан иштелип чыккан профессионалдуу фоторедактор. Бул жерден сүрөттү башынан аягына чейин кооздоп чыксаңыз болот. Мисалы, беттеги безеткиден баштап фондогу ашыкча буюм же адамдарды алып салуу мүмкүн.
Фоторедактордо 29дан ашык инстурмент бар. Ар кандай форматтагы (JPG RAW, DNG-файлдар) сүрөттөрдү ачат жана сапатын кетирбей сактап берет.
Play Market жана App Store дон көчүрүп алсаңыз болот.
2. Adobe Lightroom
Сүрөттөргө өң-түс берүүгө өтө чоң жардами тиет. Жөнөкөй эле сүрөттөн, кереметтүү шедевр пайда кылат. Албетте ал үчүн Adobe Lightroom'ду өздөштүрүү керек. Билбейм, деп кол шилтеп койбоңуз, бул тиркеме өзү сизге үйрөтөт. Ал жерден башка профессионалдардын сүрөттөрүн көрүп, ага окшоштуруп жасай аласыз. Кандай аракеттерди аткаруу керек, кайсы инстурменттер колдонулары көрсөтүлүп турат.
Play Market жана App Store дон көчүрүп алсаңыз болот.
3. VSCO
Бул тиркемеге почта аркылуу киресиз. Даяр присеттерди колдонсоңуз (фильтр, эффект) болот. Анан албетте өзүңүздүн каалооңуз боюнча дагы сүрөттөргө өң бере аласыз.
Акылуу болгондуктан кээ бир функциялар иштебейт. Эгер бул тиркеме аябай жакса, дайыма сүрөттөргө өң берип турушум керек десеңиз жылына 19,99$ (1.67$ айына) төлөп колдонсоңуз болот. Анда-санда эле колдоном десеңиз жөн эле коюңуз.
Дагы бир ыңгайлуу жери өзүңүз жасаган эмгекти башкаларга көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бөлөк бирөөлөрдүн иштерин көрүп, алардыкына салыштырып, өзүңүздүн деңгээлди өстүрүүгө өбөлгө болот.
Play Market жана App Store дон көчүрүп алса болот.
Сүрөткө өң берүү ар бир адамдын табитине жараша болот. Балким, сиз бул мисалдарга салыштырмалуу мыктысын жасай алышыңыз мүмкүн.
А сиз кандай тиркемелерди сунуштайсыз? Комментарийге жазыңыз.