// //

Гинеколог жооп берет

2018.02.19, 15:20
16320

- Менин жашым 16 да. Жыныстык жагымдан ак суюктук келет, анан ачышып дагы кетет. Мунун коркунучу жокпу? Эмне кылсам болот?

Бул нерсе көпчүлүк кыз-келиндерде болчу көрүнүш, бирок ачышпаш керек эле. Эгер ачышып жаткан болсо бул оору болушу мүмкүн, анализ тапшырып дарылануу керек.

- Менин төрөгөнүмө 28 күн болду, 3 күн толготуп араң көз жарганым үчүн жатында айрылуу болду. Экинчи төрөгүм, күйөөм менен кошулгум дагы келбей калды. Аябай коркуп жатам. Спираль салдырганда коркунуч жаратпайбы? Төрөгөндөн кийин канча күндөн соң спираль салдыртса болот?

Төрөгөндөн кийин дароо салдыртып койсо деле мүкүн. Бир жарым айдан кийин же алты айга чейин деле салдыртып алсаң болот. Спираль салдыртуунун коркунучу деле жок. Болгону сапаты жакшы спираль салдырт. Ал эми күйөөң менен кошулгандан коркуу убакыттын өтүшү менен жоголуп кетет.

- 31 жумалык кош бойлуумун, балам туура эмес жатып калыптыр. Башы өйдө карап, киндиги моюнуна оролуп калган экен. Мага доктур: “Жаш баладай болуп жөрмөлө, балаңдын башы ылдый карайт ”- деди. Мындан тышкары кандай көнүгүүлөрдү кылсам болот?

Биринчи баланын кайсы жагына кыйшайганын билип алышың керек. Бала дайыма оң же сол кабырга жакка кыйшаят. Кайсыл жагына кыйшайса ошол жагың менен жатсаң жардамы тийет. Негизи бала 40 жумалык болгончо кадимкидей түз болуп эле калыбына келип калат.

- Жакын курбум бар сүйлөшүп жүргөн жигитти менен кошулуп койгон экен. Жигитти менен болгон сайын боюнда болтурбоочу дары колдонуптур. Жигитине турмушка чыкты, азыр болсо боюнда болбой жатыптыр. Доктурларга барса күткүлө, болот кийинчерээк дептир. Эмне себептен болбой жатат? Эрте кошулуп койгондонбу же таблетка көп ичкенденби?

Эрте кошулгандан эч нерсе болбойт, бирок дары ичкени үчүн гормондор бузулуп калышы ыктымал. Эки жылга чейин боюнда болбосо “ тукумсуз” деп эсептелбейт. Дарыгер айткандай күтүү керек же үзгүлтүксүз кошулуп турса болот.

- Турмушка чыканыма 2 жыл болду, бирок боюмда болбой жатат. Жолдошум экөөбүз тең текшерилсек “ысык укол” алгыла деди. Ал деле таасирин берген жок окшойт, дагы деле болбой жатат. Ар ооруканага барсак ар башкача чыгып жатат. Күйөмдүн уруктугунун % ы көп экен, бирок бири-бирине жабышып калыптыр дейт. Эмне себептен ошондой болот жана ал балалуу болууга тоскол болобу, ани кантип ажыратыш керек?

Күндө кошулуп тургула үзгүлтүккө учуратпай, ошондо кош бойлуу болууга кепилдик бар. Суюктуктун ичинде калкып жүргөн урукчалар бири-бирине жабышып калган болсо бул нерсе тоскоол болбойт. Анткени улам кошулган сайын уруктар жаңыланып турат. Эскилер кетип, жаңылар пайда болот десе да болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
У
Умар Ташматов
14.07.2018, 03:22

Саламатсызбы

 

0
Пайдалуу жооп
У
Умар Ташматов
14.07.2018, 03:24

Суроо бесек болобу эже

 

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
08.03.2019, 23:32

Менин торогонумо 3 ай болду чоюлуп калды деп ичинен эки уч жолу тигип анан ийне сайышкан калыбына келесин деп,бирок дагы деле этке окшогон эки нерсе чыгып тура, анан дагы кээде табарсыгым жел чыккандай болуп курулдап атат торогондон кийин?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт