// //

ЗАГС кыркыла электе күйөөм башкага үйлөнүп алды. Алимент өндүрө аламбы?

2021.01.05, 11:15
1601

Менин эки балоам бар. Кызыл-Кыя шаарына келин болуп баргам, ЗАГСты ошол жактан алганбыз. Үч жыл жашап ажырашып кеттик. Эки жылдан бери ата-энемдин үйүндөмүн. ЗАГС кыркылган эмес. Күйөөм башкага үйлөнүп алды. Кантип сотко берсем болот. Арызымды кайда барып жазам. Алиментти кайсы облус чечет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.01.2021, 11:18

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча арызды өзүңүз жашаган аймактагы сотко жазсаңыз болот. Анткени, Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүндө "Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн" деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, алимент өндүрүү боюнча сиз мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулгансыз. Демек,эч кандай чыгымсыз алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Ал эми сот алимент өндүрүү жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин анын аткаруусун карызкор (балдарыңыздын атасы) жашаган аймактагы сот аткаруучулар кызматына почта аркылуу аткарууга жибересиз.

Алимент арызынын үлгүсү

 

_______________________________________

(соттун аталышын көрсөтүңүз)

Өндүрүп алуучу: ______________________________________

(Сиздин аты-жөнүңүз, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз, туулган жана иштеген жериңиз)

Дарегим:_____________________________

(Бул жерге өзүңүздүн жашаган даректи, телефон номерди жазасыз)

Карызкор: ______________________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, туулган жана иштеген жери. Эгерде маалыматтарды билбесеңиз “төрөлгөн жана иштеген жерин билбейм” деп жазасыз)

Дареги: _____________________________

(Бул жерге жолдошуңуздун жашаган дарегин, телефон номерин көрсөтөсүз)

 

АРЫЗ (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен ________________________________________, карызкор ______________________________ менен 20____-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике ____________ЖААК бөлүмү тарабынан катталган ((Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери __________).

Ал эми ортодогу никеден бир перзенттүү болгонбуз:

______________________, 20___-жылдын ___- (айы) төрөлгөн.

Бирок 20__-жылдын _____ айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыздын көптүгүнөн улам ажыраштык.

Азыркы үчүрда балам менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, карызкор жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Карызкор _____________________________________тен – менин пайдама бир балам үчүн – ___________________________________________________________ 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Аталыгын аныктоо жөнүндөгү көбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Менин паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көчүрмөлөрү;
  5. Баламдын ден-соолугу тууралуу берилген тактама;
  6. Арызды карызкорго берүү үчүн көчүрмөсү.

Өндүрүп алуучу: ________ (аты-жөнүңүз) _________________

 

Мисалы:

 

Жалал-Абад шаардык сотуна

Өндүрүп алүүчү: Шаршенова Амалия Арстанбековна 25.07.1981-жылы төрөлгөн, дарыгер.

Дарегим: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Э. Осмонов көчөсү, 55-үй, телефон: 055555466.

Карызкор: Атабаев Жолчубай Досматович, 21.01.1982-жылы төрөлгөн, иштеген жери мага белгилүү эмес.

Дареги: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Набережный көчөсү, 66-үй, телефон: 0774444693.

 

А Р Ы З (алимент өндүрүү жөнүндө)

Мен, Шаршенова Амалия Арстанбековна, Атабаев Жолчубай Досматович менен 2007-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2007-жылдын 03-майында Аксы райондук, ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0400999).

Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз:

  1. Атабаев Аман Жолчубайвич, 2007-жылдын 08-августунда төрөлгөн.

Бирок 2014-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп кетти.  Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.

Азыркы учурда балам менен чогуу жашаймын, Жолчубай жактан ата катары эч кандай жардам жок.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:

СУРАНАМ:

Атабаев Жолчубай Досматовичтен – менин пайдама балам үчүн – Атабаев Аман Жолчубайвич 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.

Тиркеме:

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. Паспорттумдун көчүрмөсү;
  4. А.Ж. Атабаевтын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  5. А.Ж. Атабаевтын ден-соолугу тууралуу тактамасы;

Арыз ээси: Шаршенова А. А.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт