// //

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кантип алса болот? Документтер, баалар, даректер

2019.01.12, 15:47
16596

Жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн төмөнкүлөрдү билип алуу зарыл.

Эмне үчүн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек?

  • баланы балдар бакчасына киргизүү үчүн;
  • билим алуу үчүн;
  • мамлекеттик ооруканада акысыз дарылануу үчүн;
  • жеңилдиктерди, жөлөк пул алуу үчүн;
  • сот адилеттиги үчүн (алимент алуу, мүлктү бөлүү маселелери, ажырашууну тариздөө) ж.б.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайдан алса болот?

Баланын ата-энеси катталган жердеги ЖААК (ЗАГС) бөлүмдөрүнөн (ата-энеси ар кайсы райондо же жерлерде катталса, анда бирөөсү катталган жерден).

Күбөлүктү канча убакыт ичинде алуу керек?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бала туулган күндөн тартып,
бир айдан кечиктирбестен алуу зарыл. Бирок, кечиктирүү үчүн эч кандай айып пул каралган эмес. 

ЖААКтын кызматкерлери белгиленген мөөнөттү өткөрүп жибердиңер деп күбөлүктү бербей коюуга укугу жок!

Кандай документтерди чогултуу керек?

Ата-энесинин никеси расмий түрдө катталган болсо:

  • медициналык мекеме тарабынан берилген баланын
    туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • ата-энесинин паспорттору;
  • нике күбөлүгү.

Нике катталбаса кандай документтер керек?

Эгерде аял баланын биологиялык атасын күбөлүккө "атасы" деп жаздырууга кызыкдар эмес болсо;

  • медициналык мекеме тарабынан берилген баланын
    туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • энесинин паспорту.

Аталыкты аныктаган күбөлүктү кантип алуу керек?

Эгерде эркек өзүн баланын атасымын деп таанууга макул болсо,  паспортун алып, баланын энесине кошулуп ЖААКка барышы керек.  

Эгерде эркек өзүн баланын атасымын деп таанууга макул болбосо, аял арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун чечимин алып, ЖААКка барып, күбөлүктөгү "атасы" деген графага эркектин атын жаздырат. 

Баланын атасы каза болуп калса, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө атасын көрсөтүүгө болобу?

Күйөөңүз каза болуп калса, өлгөн күндөн тартып баланын төрөлгөнүнө чейин 300 күн боло элек болсо, эч кандай тоскоолдук жок. Керектүү документтер:

  • медициналык мекеме тарабынан берилген баланын
    туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • энесинин паспорту;
  • нике күбөлүгү;
  • өлүмү тууралуу күбөлүк.

Жолдошум экөөбүз бала төрөлө электе ажырашып кеттик. Аталыгын аныкташым керекпи?

Аталык ажырашкандан төрөткө чейин 300дөн ашуун күн өтүп кетсе аныкталат. Эгерде никеде турган учурда кош бойлуу болсоң, аталыкты аныктоонун кереги жок. Документтер:

  • медициналык мекеме тарабынан берилген баланын
    туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • энесинин паспорту;
  • нике бузуу жөнүндө күбөлүк.

Күйөөм чет элдин жараны. Балага кыргызстандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн кандай документтер керек?

Эгерде балага Кыргызтандын жарандыгын алып берүүнү чечсеңер, төмөнкү документтер керек:

  • медициналык мекеме тарабынан берилген баланын
    туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • ата-энесинин паспорттору;
  • нике күбөлүгү;
  • төрөлгөн баланы Кыргызстандын жараны деп таануу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин макулдугу. 

Канча сом турат?

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 100 сом.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
A
AIGANYSH Kadybekova
02.03.2019, 00:19

Туулгандыгы туралуу куболук алуу учун домовой керек болобу уйдун документи?

0
Пайдалуу жооп
28.04.2019, 08:57

саламатсызбы мен Куболукту жоготуп койдум кандай докментер керек кандай алам

0
Пайдалуу жооп
С
Сабырбек Эркимбаев
30.10.2019, 15:16

Саламатсыздарьы!?номеринизди алып байланышсак болобу?

0
Пайдалуу жооп
Б
Бектурсун Элбек Эркинай
06.11.2019, 15:17

Биз Россияда болгонубуз учун,кызыма РФ куболугун алдык,атасынын фамилиясында уулу бар болчу,ошол учун кызымдын фамилиясында уулу болуп калды. Аны -ова кылып озгортууго болбойт деп койду бул жакта,КРга барып кызымдын куболугун -ова кылып алмаштырсам болобу?

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
13.01.2020, 18:34

Саламатсызбы жолдошум гражданин России озум кыргызстандын жаранымын балабыз кыргызстанда торолду жолдошум экообуздун закс куболугубуз жок бирок чон кызыма атасы гражданин России апасы кыргызстан жараны деп атасынын атына туулгандыгы туралуу куболук алганбыз балама бербей жатат кантип алсак болот 0222103293 мага да айтып койосуздарбы

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.07.2021, 01:56

Саламатсызбы мени  поспорттум жок болгон учун 2015 жылы баламдын справкасын алалбай калгам торот канадан. Эми паспорт алдым кантип алам торот канадан випискасын? Жолдошум экобуздун Нике кагазыбыз жок не докиментер керек балама туулган куболугун алыш учун? Азыр балама беш жаш болду жооп берип койгулачы сураныч

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт