// //

“Мендей майып кызды сүйүп калганына ишенбейм”. Адистер жооп берет

2020.12.17, 17:20
3408

Психолог Асель Суюнбаева жана Назик-Кыз коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиева мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Менин кулагым ооруп, аппарат тагынып калдым. Уялып жүрүп чүнчүп кеттим. Акыркы убактарда адамдар менен сүйлөшкүм келбейт. Эмне кылсам болот?

Асель Суюнбаева: Сен антип уялып отура бергенден жашооң оңолуп кетпейт. Угуу аппаратын тагынгандын эч кандай уят жери жок. Аны көргөн адам, угуусу начар экен деп, кайра сага катуурак сүйлөгөнгө аракет кылат. Сен “мага катуу сүйлөп жатышат, жаман көрүп жатышат”,-деп ойлобо. Ал аппаратты катпагын, элдер көрсүн. Жашынгандан эч кандай пайда жок. Алдыга умтул! Сенден алсыз адамдарга үлгү бол! Албетте, башында кабыл алуу оор болот. Коркпо! Жардам сурагандан уялба! Анан кечке жардам сурап отуруп алба.

Оку, изден, мээңди өрчүт. Эң негизгиси басат экенсиң, көзүң  да көрөт экен. Жыргап жаша!

Үкөй Мураталиева: Угуу аппаратын кийип жүргөнүң - бул жашооңду ыңгайлуураак кылган  муктаждык. Помада, сөйкө, көз айнек же көйнөк сыяктуу эле, угуу аппараты биринчи кезекте аксессуар болуп саналат. Сен угуучу аппарат тагынсаң, мен алысты көрө албаганым үчүн көз айнек тагынам. Демек, көз айнек жана угуу аппараттары жашообузду ыңгайлуу кылат. Сүйлөшкүм келбейт деп качпай, сураныч, сүйлөй бер. Себеби бул жөндөмдү колдонбосоң, бара-бара жоготуп алышың мүмкүн. Билесиңби, эгер адамдар өздөрүн маданияттуу алып жүргөндү билбесе, мисалы, тигилип карай беришсе, орунсуз суроолорду беришсе, мунун сага эч кандай тиешеси жок, алар өздөрү кандай адам экенин көрсөтүп жатат.

Сен өзүң кандай адам экениңди, айталы, сулуу, акылдуу, кызыктуу экениңди билесиң, эң башкысы ошол.

Менин бир бутум экинчисинен кыска. Аксап басам. Классташтарым артыман мени туурап ылдыңдашат. Азыр үйдөн окуп жыргап калдым. Себеби мектепке араң эле барчумун. Классташтарымдын жоргун эстеп нерв боло берем.

Асель Суюнбаева: Азыр заман өнүккөн. Ортопеддер көп нерсени жасап жатышат. Мисалы, ошол эле бутту узартуу операциялары. Эгер операция жасатууга мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо деле мейли, болору болуптур.  Жашаш керек! Эң негизгиси басып жатасыңар. Баспай, терезени тиктеп отургандар канча. Ошондуктан, алдыга умтул. Шылдыңга алган балдар эмне кылып жатканын өздөрү деле билбей жатат. Аларды өзүңдүн мисал менен тарбияла. Мээримдүү бол, жылмай, ошондо сага адамдар тартылат.  Жакшы жерлериңди таап, ошону  өрчүт. Эң биринчи билим экенин эсиңден чыгарба. Келечегиңди ойлоп, тилдерди үрөн, чет өлкөлөргө чык, дүйнө тааны. Бир жерден эшик жабылса, башка жактан ачылат. Сен баары жакшы болот! Буга ишен.

Үкөй Мураталиева: Кымбаттуу окурман! Ооба, туура айтасың, биз бардыгыбыз аздыр-көптүр ар кандай турмуштук кыйынчылыктарга, адилетсиздикке туруштук бергенге мажбур болобуз. Сенин дагы мындай кырдаалга туш болгонуң өтө кайгылуу, бирок мен дагы бир нерсе жөнүндө айткым келет. Бардык билимди үйдөн отуруп алуу мүмкүн эмес, өзгөчө жогорку билимди. Сөзсүз түрдө мектепке, анан университетке барышың керек. Ооба, айткандарың өтө кейиштүү. Эң негизгиси, сага кылган мамилелери - бул алардын ким экенин көрсөтүп турат. Эмне үчүн адамдар мындай кылышат дегенде, аларга тарбия жана туура билим жетишпейт. Бирок, ошол эле учурда сен аксап басканың өзгөрбөй турганын билишиң керек. Бул сенин  жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосундагы факт. Муну менен катар, ден-соолугуңа кам көрүүнү таптакыр токтотсоң, мисалы, күн сайын зарыл болгон профилактикалык дарылоо көнүгүүлөрүн жасабасаң жашоо деңгээлиң төмөндөйт. Анда эмне кылуу керек?

Башка адамдардын жашооңо таасир этишине жол бербе.

Эгер керек болсо, башка класска которул, директор менен сүйлөшүп, мектепти алмаштыр. Класста ачык саат уюштуруп, мүмкүнчүлүгү чектелген, бирок, ийгиликтүү адамдар жөнүндө классташтарыңа жана мектепке айтып бер. Келечекте ким болууну каалайсың? Жашооңузду азыр көрүп тургандай пландаштыр. Бул үчүн, биринчиден, мектепти калтырба, жогорку билимди сөзсүз түрдө ал. Сен акылдуу, сулуу жана кызыктуу адамсың. Сураныч, муну ар дайым эсиңден чыгарба.

Мен кичинемден бери такалып сүйлөйм. Классташтарым далай мазакташты. Жогорку окуу жайда дагы ошол эле көрүнүш болду. Кээде ыйлагым келет. Эмне кылсам болот?

Асель Суюнбаева: Ырдаш керек! Элдин алдына чыгып, коркпой сүйлөй бер. Көп учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, “мени карап жатышат”, “мен жөнүндө сүйлөп жатышат”, “мени шылдыңдап жатышат” ж.б. ойлой беришет. Бул туура эмес? Такалып сүйлөгөнүң, сага көйгөй болбошу керек. Анткени, башка жактан дениңиз сак болуп жатпайбы. Кайсы учурда көбүрөөк такаласыңар? Ошону анализдеп, андан чыгуу жолдорун издеш керек. Коркпо! Минтип отура берсең, жашоо жаныңдан “мимо” өтүп кетет! Элдин астына көбүрөөк чык. Баары сени эле карап күлүп жаткандай болушу мүмкүн, а чынында “коркконго кош көрүнө берет”.

Үкөй Мураталиева: Адамдын акылы жок болсо, канча жашта болбосун орунсуз журум – турумдарды жасап, көрүнгөндү сүйлөй берет. Эгер “кой мен жакшыны үйрөнөйүн, оңолоюн”,-деп, өзүн жакшы жакка бурбаса, билим деңгээли түшүп, мазактоо, шылдыңдоо, кемсинтүү жана башкага жакын болот. Биз башыбызды бийик көтөрүп, максаттарыбызга карай, чечкиндүү кадамдар менен умутула берсек, бирөө күлүп жатса дагы баары бир болуп калат. Сен дагы ушундай адам бол, ошондо андай нерселерге убактың болбой калат. Ооба, кээде өзүбүздү жактырбай кетебиз. А бирок, билесиңби, илим, билим  жана өнүгүүгө кунт койсоң, чынында эле ийгиликке жетесиң. Ошондо өзүң жана элдер кандай, кантип сүйлөгөнүңө эмес, эмнени айтып жатканына көңүл буруп каласың.

Балам ДЦП. Колу-бутун башкара албайт. Мектепке алып баратсам, ата-энелер балдарын алыстатып, жаман көрүп карашат. Баламды коргой берип нерв болуп кеттим. Эмне кылсам болот?

Асель Суюнбаева: Биринчиден, азаматсыз! Экинчиден, балаңыз ошентип төрөлдү. Көзү жалдырап сизди карап турат, бул деген бакыт. Баланы реабилитация кылууну улантыңыз. Ошол эле учурда өзүңүздү унутпаңыз. Мен тагдыры сизге окшош  ата-энелер менен көп иштештим. Алар баласын эле коргоп, аяп калышат экен. Ооба, коргош керек. Бирок, бала төрөлгөндө, “мен муну жеңем” деген кандайдыр бир психикалык күч менен төрөлөт. Ошол күчүн ойготуш керек. Көп энелер баласын коргоп жатып, өз жашоосун унутуп калат. Балаңыз мектепке барып жатса, демек абалы өтө деле жаман эмес. Күлүңүз, жайнаңыз. Балаңыз сизди көрүп сүйүнүп жашагысы келет. Балаңызга билим бергенге аракет кылыңыз. Үлгү болуңуз. Сизге ийгилик каалайм.

Үкөй Мураталиева: Учурда башыңыздан кечирип жаткан кыйынчылыктарга туш болгонуңуз абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы, чындыкты далилдеш үчүн бүт дүйнө менен күрөшө албайбыз. Ал ата-энелер андай жүрүм-туруму менен кандай адам экенин көрсөтүп жатышат. Эң негизгиси, сиз эң сонун энесиз жана жашоону тандаган укмуштуудай аялсыз. Уулуңузга билим алууга жардам берүүнү эң туура тандадыңыз. Бул үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Уулуңузду маанилүү иш-чараларга алып бара бериңиз. Аны менен чогуу окуп, алдыга умтулуңуз. Ал эми адамдардын айткандары жана адамдардын кандай иш-аракеттери - бул алардын тарбиясынын деңгээли.

Эң негизгиси, сонун эне жана супер аял экениңизди билип, адилетсиз сөздөргө жана иш-аракеттерге көңүлүңүздү жана нервиңизди текке кетирбеңиз. 

Мен экинчи топтогу майыпмын. Жигитим бар. Ал ата-энеси менен тааныштырарын, мени катуу сүйөрүн айтат. Бирок мен ага ишене беребйм. Кантип эле мендей кызды сүйсүн? Жакында баш кошуу сунушун киргизди, бирок анда дагы ишенбедим.

Асель Суюнбаева: “Мен өзүмө ишенбейм” дегениң, “мен өзүмдү жакшы көрбөйм” дегениң. Өзүңүзгө ишениш керек. Сени колдоп, сүйүп жаткан адам болуп жатса, кандай сонун. Макул, кийин алдап кетсе деле, аны жеңе тургандай күчтүү болуш керек. Ата-энеси менен тааныштырса, сүйөм десе, эмнеге чын болбосун. Демек, сенин жакшы жериң бар. Ошол жагын менен аны тартып жатасың.  Анан эмнеге бактыңа  жок деп кол сунбашыңыз керек. Өзүңө ишене башта. Баарыбыздын тең сонун жерлерибиз бар. Майып болдум эле отура берсек, жашабай калбайлыбы. 

Бардык адам бакытка татыктуу болуп төрөлөт.

“Мен ага кайдан жетмек элем” деп отура берсек болбойт.  Коркпой жабык эшиктерди тарсылдатып, болбосо форточкадан киргенге аракет кылып жашаш керек. Дагы айтам, азыртан баштап өзүңө ишен.

Үкөй Мураталиева:  Жашооңдо сүйүү бар экен, кандай гана сонун. Мен сен үчүн кубанычтамын, анткени сен жашоо даярдаган бардык жакшылыктарга татыктуусуң. Ооба, мүмкүнчүлүгүң чектелгени бул факт, аны моюнга алуу керек. Бирок, сен ушунчалык сонун адамсың, ушунчалык кызыктуусуз. Жашооңдо сонун окуялар болуп жатат, албетте, алар сени тынчсыздандырат. Билесиңби, жөн гана жаша. Келечекте бир нерсе туура эмес болуп кетет деп коркпо. Келечекте бизди эмне күтүп тургандыгын эч кимибиз толук билбейбиз. Анан билбеген нерселер жөнүндө ойлонбой эле коюш керек. Бирок жакынкы келечекте сени эмне күтүп тургандыгын билесиң. Ошондуктан, күйөө баланын ата-энеси менен жолугушууга баруудан тартынба. Мен сени мененмин!

Менин мүмкүнчүлүгүм чектелген эмне экенин айтпай эле коюн. Бирок адамдар мени аяшса ачуум келет. Аяган мага жакпайт.

Асель Суюнбаева: Аяп жаткандары сизди басынтайын дегендик эмес, жардам берүүнү каалагандык.  Аео адам менен кошо жаралган сезим. Жакпаса, “аябагыла, мен өзүм эле кылам”,- деп жөн аган айтып койгула. Кайсы учурда жардам керек, кайсы учурда кереги жок экенин акырын түшүндүрүп кой.

Үкөй Мураталиева:  Жакындарыбыз бизге колдон келишинче мамиле жасап жана колдон келишинче сүйүшөт. Тилекке каршы, бул нерсе биздин күтүүлөрүбүз менен дал келе бербейт. Балким, үй-бүлөң менен сага кандай мамиле кылуу керектиги жана абалың жөнүндө тез-тез сүйлөшүп турушуң керек. Ачуулануу, урушуу эң жакшы вариант болбосо керек, муну өзүң деле жакшы билесиң. Кел, андан көрө жакындарыңа кийинки жолу эмне  деп айтса болорун ойлонуп көрөсүң. Ийгилик сага!

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт