// //

Стипендиялык программалар: Венгрияга окууга кабыл алуу башталды

2019.01.09, 15:07
5479

Stipendium Hungaricum Scholarship Programme стипендиялык программасы 2019-2020 окуу жылына документтерди кабыл ала баштады.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, венгр тарап кыргыз жарандары үчүн Венгриянын ЖОЖдорунда венгр же англис тилинде окуу үчүн гранттарды берет.

Гранттар венгр өкмөтүнүн стипендиялык Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасынын негизинде бөлүнөт. Стипендиялык программаны Темпус Коомдук Фонду башкарат.

Каалоочулар төмөнкү багыттарга тапшыра алат:

Бакалавриат  

  • айыл чарба
  • коомдук илимдер
  • маалыматтык технологиялар
  • экономикалык илимдер
  • инженерия
  • табигый илимдер
  • спорт  жана мамлекеттик кызмат илимдер.

Магистратура 

  • айыл чарба
  • коомдук илимдер
  • маалыматтык технологиялар
  • экономикалык илимдер
  • инженерия
  • табигый илимдер
  • спорт  жана мамлекеттик кызмат илимдер.

 Докторантура  – бардык багыттар.

Венгриядагы ЖОЖдордун жана окуу программалардын тизмеси менен бул сайттан тааныша аласыз

http://studyinhungary.hu/study-in- hungary/menu/find-a- study-programme/study- finder.html

Венгр тарап төмөнкү шарттар менен камсыздайт:

 Акысыз окуу

  Айлык стипендия: бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери үчүн 40 460 форинт ( 10 064 сом), докторантура программаларынын студенттери үчүн 140 000 форинт (34 824 осм)

  Жатакана же  жеке турак жайды ижарага алууга көмөктөшөт (40 000 форинтке чейин)

  Медициналык камыздандыруу.

Stipendium Hungaricum программасы боюнча толук маалымат www.stipendiumhungaricum.hu сайтында.

Конкурстун шарттары

Конкурсанттарды тандоо 3 этапта өтөт:

  1. Талапкерлерди программанын системасына каттоо

Талапкерлер Темпус Коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн системасынан(https://apply.stipendiumhungaricum.hu/) 2019-жылдын 15-январына чейин каттоодон өтүп, формаларын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө зарыл. 

Эскертүү: толук эмес өтүнмөлөр автоматтык түрдө кабыл алынбайт.

Венгр тараптын эрежелерине ылайык, 2001-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн тарапкерлер конкурска катыша албайт! 

Башкача айтканда, 2019-жылдын 31-августунда талапкерлер 18 жашка толуш керек.

2019-жылдын январь айынын экинчи жарымында Темпус Коомдук фонду  келип түшкөн өтүнмөлөрдү техникалык текшерүүдөн өткөрөт.

Текшерүүдөн өткөн талапкерлердин тизмесин КРнын ББИМине жөнөтөт.

  1. Документтерди тапшыруу

Талапкерлер документтерин 2019-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырышы керек.

Эскертүү: Онлайн-системада катталган, бирок КРнын ББИМине документтерин тапшырбаган талапкерлер конкурстук тандоого катыша албайт.

Талап кылынган документтер:

  • Арыз
  • Талапкердин анкетасы
  • Резюме
  • Паспорттун көчүрмөсү
  • Окуу жайы тарабынан тастыкталган окуу жетишкендиктери жөнүндөгү көчүрмөсү (транскрипт)
  • Англис тилин билүү деңгээли жөнүндөгү тастыктама (TOEFL, IELTS)
  • Үй-бүлөнүн курамы жөнүндөгү маалымкат
  • Тастыктамалар, дипломдор, ардак грамоталар, макалалар жана илимий басылмалар (магистратура жана докторантура программаларынын талапкерлери үчүн), жана башка жетишкендиктери жөнүндөгү документтер.

Тапшыра турган документтерди файл папкага чогултуу зарыл.

Талапкерлер документтерин төмөнкү дарекке алып келиши керек:

  • Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257, 220-бөл. (Эл аралык кызматташтык бөлүмү)
  • Телефону: 0 (312) 62 15 19.

Stipendium Hungaricum программанын онлайн-системасында катталган, ошондой эле КРнын ББИМине өз убагында документтердин толук тизмесин тапшырган талапкерлер конкурстук тандоого (алдын-ала тандоо) катышат:

  1. Бакалавриат программалары үчүн – тестирлөө (тандалган багытына ылайык) жана англис тилинде эссе жазуу.
  2. Магистратура жана докторантура программалары үчүн - англис тилинде эссе жазуу жана аңгемелешүү.

Конкурстук комиссиянын курамы:

  • көз карандысыз эксперттер
  • жарандык коомдун, илимий-чөйрөнүн, КРнын ББИМинин Коомдук кеңешинин өкүлдөрү жана башкалар.
  1. Венгрия тарабынан өткөрүлгөн тандоо жана стипендияларды берүү жөнүндө акыркы чечим кабыл алуу

Кыргызстан сунушган талапкерлерди Венгриянын ЖОЖдору тандайт.

Тандалган талапкерлерге стипендияларды берүү жөнүндө акыркы чечимди Темпус Коомдук фонду кабыл алат.

Жүктөп алуу: 

Ийгилик!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт