42 жаштагы апам төрөсө болобу? Апама аябай кабатыр болуп жатам
Саламатсызбы! Менин апам 42 жашта, дагы төрөсө болобу? Буттарында варикоз бар, апама кабатыр болуп жатам.
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Варикоз - бул кош бойлуулукка жана төрөөгө каршы көрсөтмө эмес. Бирок, апаңыздын курагы жана мүмкүн болгон өнөкөт оорулары эненин жана төрөлө элек баланын ден-соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер апаңыз төрөйм деп чечсе, анда алдын ала дарыгерге кайрылып, толук текшерүүдөн өтсүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка