// //

Бирөө менен урушкандан коркуп калчылдай берем. Эмнеге мындай болушу мүмкүн?

2020.12.03, 10:18
3154

Саламатсызбы! 30 жаштамын. Бир жылдан бери бирөө менен урушкандан коркчу болдум. Эч ким менен деле катуу уруша элекмин. Ошентсе дагы, бирөө менен айтыша кетсем, жүрөгүм кысылып, өзүмдү начар сезем. Кантип ушул адатымды таштасам болот? Бирөө менен урушканда сүйлөй албай калам. Кайра аны эстеп, аябай ачууланам, өзүмдү кармай албай калчылдайм. Эмнеден болушу мүмкүн? Алты айлык боюмда бар. Антейин десем, кош бойлуу болгонго чейин эле ушундай болчумун. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2020, 10:39

Мария Самсонова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Конфликт - бул стресс абалы. Стресс абалында, адамдар жүрүм-турумдун үч классикалык стратегиясынын бирин тандашат: уруу, качуу, катып калуу. Сиздин абал катып калуу түрүнө окшош.

Чыр-чатак болуп жатканда терс эмоцияларга жооп бере албайсыз, ал эми стресс бүткөндө мээңиз аң-сезимдүү түрдө бул жөнүндө ойлоно баштайт жана бир нерсени башкача жол менен жасоого мүмкүн болгонун түшүнүп, ачууңуз келе баштайт.

Мээбиз жана психикабыз жүйөөлүү себептерден улам белгилүү бир жүрүм-турум жолун тандашат. Кыязы, балалыгыңызда, "катып калуу” позициясы сизге аман калууга жардам берген. Мисалы: эгер ата-энеңизге каршы чыкпасаңыз, анда чыр-чатак тезирээк аяктаган. Же болбосо, ата-энеңиздин ачуусу ушунчалык күчтүү болгондуктан, сиз коркуп, алсыз болуп, үн чыгара албай калат элеңиз. Балким, балалыгыңызда терс эмоция көрсөткөнүңүз үчүн айыпташкан же жазалашкан. Анын натйыжасында сиз азыркыдай реакция жасап жатасыз.

Психикаңыз мындай жүрүм-турумду жашап кетүүгө, күрөшүүгө жардам берген жалгыз гана пайдалуу нерсе катары сактап калды. Мүмкүнчүлүктөрүңүздүн, позицияңыздын, айланаңыздагы адамдардын өзгөргөнүнө жана сиз чоң адам болуп калганыңызга карабастан, психикаңыз автоматтык түрдө, өзгөчө чыр-чатак абалында сактап калган эски ыкмасын тандайт.

Чыр-чатак абалында өз реакцияңызды өзгөртүү үчүн алгач анын кандайча жана эмне үчүн пайда болгонун түшүнүшүңүз керек, андан кийин - жаңы ой жүгүртүп, жаңы ишенимди жана жаңы жүрүм-турумду калыптандыруу керек. Бул үчүн психолог менен иштөөңүз зарыл. Адистен жардам сураңыз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт