// //

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

2020.04.12, 14:41
3854

Саламатсызбы. Жашым 20да. Ушул эрезеге жалаң апамдын күчү менен жеттим. Атам бар, бирок анын менде эч кандай эмгеги жок.

Атам апама күн көрсөткөн жок. Анын кол көтөргөнү, кайдагы тантырак сөздөрү, орой мамилеси апамды оорулуу кылды. Апамдын каза болгонуна бир жыл өттү. Анын дүйнө менен кош айтышына атамдын салымы чоң.

Азыркыга чейин ата-баладай отуруп сүйлөшө албайбыз. Аны сыйлап, мээримимди төгүүгө жакшы эле аракет кылып көрдүм. Бирок жүрөгүм такыр жибибей койду. Мага сүйлөсө эле жиним келип басып кетем. Ал дагы жөн калышпайт, кайра мени коркутат.

Эмне кылсам? Жашоом ушинтип өтө береби? Же барын айтып, коштошуп, өз оокатымды кылып кетсемби?

Эки бир тууганым бар, алар атакелеп турушат. Анткен сайын аларга да ачууланам.

Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2020, 14:43

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Чоң адамдардын өз-өзүнчө жашаганы нормалдуу көрүнүш. Ар бир адам өз турмушун курууга акысы бар. Үй-бүлөдө бардыгы жакшы болуп турганда деле, балдары ата-энесинен бөлүнүп жашоого жана тиричилик жүргүзүүгө үйрөнүүсү керек.

Түшүнгөнүмө караганда атаңыз сизди тарбиялоого катышкан эмес, а түгүл сиз жакшы көргөн, эң жакын деп эсептеген апаңызды таарынтып, анын ден соолугуна залакасын келтирген экен.

Ал адамды жакшы көрүп, ага мээрим төгүүгө милдеттүү эмессиз. Ошентсе да, өзүңүзгө жүк болбошу үчүн аны кечирүүгө аракет кылыңыз. Билем, бул абдан оор жана буга көп убакыт керектелет, бирок аракет кылып көрүңүз. Өзүмдүн колуман келбейт десеңиз, психологдорго кайрылыңыз.

Эч ким, эч кимди жакшы көр же сыйла деп талап кыла албайт. Урушуп-коркутуу менен да ынтымакаа жетүү мүмкүн эмес.

Бир туугандарыңыздын атаңызга өздөрү каалагндай жана өздөрү туура көргөндөй мамиле кылууга акысы бар. Аларга ачууланбаңыз. Сиз башка адамсыз, алар башка. Ар бир адам өзү туура көргөндөй өзүн алып жүрөт.

Атаңыздан бөлүнүп, өз алдынча жашап көрүңүз. Балким бул мамилеңердин башка нукка өтүүсүнө себеп болот.

Бул ситуацияда өзүңуз туура деп санагандай жана өзүңүз каалап жатткандай иш кылыңыз. Кандай гана чечим кабыл албаңыз, бул сиздин чечимиңиз. Анын туура же туура эмес варианты болбойт. Өзүңүздүн жашооңузду өзүңүз куруңуз.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт