Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз теңбиз, экөөбүз тең 25 жаштабыз. Баш кошконубузга 2 жыл болуп калды. Биздин пикир келишпестигибиз бир нерседен келип чыгат: телефонду көп кармайт, интернеттен кыздар менен сүйлөшөт.
Мен өзүмдү жакшы карайм, таза, тыкан алып жүрөм. “Менден тажадыңбы?” десем, сенсиз жашоом жок дейт. “Мен сени менен жашап жатамбы, сени багып жатамбы, болду да, дагы эмне керек?” деп моюн сунбайт.
Аягында тажап, басып кетем, баары бир болуп калды. Бирок анын кылык-жоругун түшүнө албай койдум. Мени сүйсө, эмнеге башкалар менен сүйлөшөт? Же бул оорубу? Адистен жооп алып бериңизчи?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Маселе сизде эмес. “Мисс мира” болсоңуз да, эгер жаныңыздагы эркек өзүнө ишенбеген адам болсо, ал баары бир башка кыздар менен сүйлөшө берет. Себеби ар дайым, өзүнө болгон ишенимди көтөрүп турууга муктаж.
Бул, күйөөңүз сизди сүйбөйт же тажады дегендик эмес. Болгону башка кыздар менен сүйлөшкөндө “а, көрсө мен кыздарга кызык экенмин, көрсө мен башкаларга жагат экенмин” деп чырагына май тамып, эс алып калат. Дагы бир жолу кайталап кетейин, ал ошонусу менен өзүнө болгон ишенимин көтөрүп жатат.
Ар дайым өзүнүн кыйындыгын, жагымдуу экендигин тастыктоочу шарттарды, эмоцияларды издегенин токтотуу үчүн күйөөңүз бул көйгөй экенин моюнга алып, аны менен күрөшүүгө аракет кылышы керек. Сиз бул маселени чече албайсыз.
Сиз болгону анын жүрүм-турумуна жасай турган реакцияңызды тандай аласыз. Мындан ары чыдап жүрө берүү же баш тартуу. Чыдайм десеңиз канчага чейин чыдаганга даярсыз?
Сиз күйөөңүздү өзгөртө албайсыз. Бирок анын мамилеси сизге катуу тийгенин, таарынтып жатканын айтсаңыз болот. Андан ары күйөөңүз кандай чечим чыгарат, андан көз каранды.
Бактылуу болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?