// //

Кореяга жумушка кантип орношсо болот?

2018.02.16, 15:02
11740

Кореяга барып иштеп, акча тапсам деген мекендештерибизге Мамлекеттик миграция кызматынын астындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун Корея багытынын жетектөөчү адиси Нагима Ашимбекова маалымат берет.

Эмгек келишими

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда мамлекеттик программалык эмгек келишими бар. Келишимдин негизинде 18-39 жашка чейин сот жообуна тартылбаган, Кореядан департация болбогон Кыргызстан жарандары Кореяга жумушка орношуу үчүн жылына бир жолу боло турган тестке катышууга укугу бар. Эгерде тестти ийгиликтүү тапшырса ИИМден, ден-соолугуна байланыштуу жана башка бир топ маалымкаттарды чогултат. Андан кийин маалыматтарды Кореянын жумушка орноштуруу министрлигинин астындагы электрондук базага киргизип, эмгек келишимин күтөт. Ал жакка Кореянын жумуш берүүчү жараны барып, жумушчу тандайт. Эгерде баардык талаптарга жооп берип, жумушка алынып калса, кыргыз жаранына контракт жөнөтөт. Ошол контарктын негизинде эмгек визасы ачылат. Эмгек визасы бизге 1-3 жылга чейин деп келет. Ошондой эле Кореяда легалдуу эмгек визасынын негизинде 4 жыл 10 айга чейин иштесе болот. Контракт келгенден кийин бул жактан кол коюлуп, Кореянын Юстиция министрилигине жиберилет. Алар эмгек келишимге кол койгон жарандын өздүгүн аныктап, тартипсиздиктери жокпу такташып, элчиликке уруксат беришет. Контрактын негизинде жаткан жери, тамак-ашы бекер. Жол акысын жана виза чыгымдарын жарандар өз чөнтөгүнөн чыгарат. Болжолу менен 600 доллар кетет. Эгерде ал жакка барганда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса Кореядагы өкүлчүлүктөргө кайрылса же биз менен байланышса болот.

Тестке катталуу

EPS TOPIK тестин тапшыруу үчүн корей тилинин баштапкы этабын билүү зарыл. Жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгү ар кандай болгондуктан, тил үйрөнүү процессине кийлигишип, сертификат талап кылбайбыз. Себеби кээ бирөө курска барса, айрымдарында шарт жок болот дегендей. Андыктан тил үйрөнүүнү адамдардын өз тандоосуна коебуз. Бизге келип тест гана тапшырышат. Тест качан башталаарын 26-февраль айтабыз. Каттоо Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлөт. Керектелүүчү документтер:

  • Чет жакага чыкчу паспорттун түстүү көчүрмөсү
  • 3,5-4,5 өлчөмүндөгү 2 сүрөт

Каттоодон өткөндөн кийин 1-2 жума аралыгында тест качан болоору туралуу маалымат беребиз.

 

Айлык маяна

Кореянын чет өлкөлүк жумушчуларды кабыл алуу системасында 16 өлкө катталган. Ар бир өлкөнүн өзүнүн багыты бар. Кыргызстандыкы өндүрүш-тармагы, тактап айтсак завод-фабрикаларда иштөө. Башында барган жарандарыбыз завод фабрикаларда түрдүү жумуштарды аткарып иштешет. Кийин тажрыйбасы артып, тили жакшырып калганда кызмат ордунан көтөрүлө алышат.

Кореяда башка өлкөлөргө салыштырмалуу айлык маянын өлчөмү жогору. Чет өлкөлүк жумушчуларга кошуп беришет.

Бизге келген келишимдерге ылайык, былтыр 1000 доллар болсо, быйыл 1200 долларга көтөрүлдү. Тактап айтсак, негизги оклад 1000 доллар, 7-8 сааттан кошумча иштесең айына 1500 долларга чейин болуп калат. Айына 2500 доллар алган жарандарыбыз дагы бар. Статистикага карасак эркектерди көбүрөөк тандашат. Себеби жумуш өндүрүш тармагында болгондуктан оор. Айымдарга болсо жеңилирээк азык же косметика чыгаруучу заводдордо орундар болот.

Камсыздандыруу процесси

Эки мамлекеттин ортосундагы программага ылайык камсыздоонун 4 түрү бар.

  1. Медициналык камсыздандыруу
  2. Жумуш учурунда камсыздандыруу
  3. Жумуштан сырткары камсыздандыруу
  4. Шашылыш артка кетүү керек болгон учурда кайтарым билет алып берүү

Камыздандырууну Кореяга барганда жумуш берүүчү тарап жүргүзөт. Айта кетчү нерсе банкрот болуу камсыздандыруусу дагы бар. Эгерде завод же фабрика жабылып калса жумушчулар эч тоскоолдуксуз айлык акысын ала алышат.

Кененирээк маалыматты www.eps.go.kr же болбосо маалыматтык-консультациялык борборунун http://oec.kg, миграция кызматынын http://kg.ssm.gov.kg/ сайтынын алсаңыздар болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
h
hurshid vahapov
11.04.2018, 02:39

Assalom alekum

0
Пайдалуу жооп
М
Муктар уулу Тилек
05.12.2018, 11:50

Мен учурда мамлекеттик кызматта иштеп жатам Кореяга барсам деген ой болуп жатат. Оор жумушта иштеп коргон эмесмин. Стройканы билбейм, корей тилин билбейм. Биз барсак кандай болот? кандай жумуштарга иштейбиз? так маалымат бере аласыздарбы?

0
Пайдалуу жооп
N
Navruzbek Qayumov
27.02.2019, 21:53

Азыр дагы каттоодон өтсө болобу?

Тест качан экен?

0
Пайдалуу жооп
B
B Damirbekovich
07.03.2019, 19:51

Тест качан болот  билгендер айтып койгулачы

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт