Күн суукта териге кандай кам көрүш керек? Косметологдун кеңеши
Суук түшкөнгө бетимдин жана колумдун териси кургап, жарылып кетти. Кандай аталыштагы кремдерди сунуштайсыз? Териме кантип кам көрөм?
Асель Алымбаева
Косметолог
Күн сууктап үйлөргө жылуулук берилгенден баштап бетибиздин жана колдорубуздун териси ашыкча кургап кетүүгө дуушар болот. Мындайда башкы шарт үйдүн ичиндеги нымдуулукту сактоо.
Андан кийин албетте организмдеги суу балансын көзөмөлдөп туруу керек. Бир күндүн ичинде 2-2,5 литр суу ичиш керек, деп айтсам жаңылык киргизген деле болбойм. Бирок бул рекомендация абдан маанилүү жана аны сактоого аракет кылуу зарыл.
Бетиңизге жана колдоруңузга майлуу крем сүйкөңүз. Ага чейин терини атайын каражаттар менен тазалап алуу керек, алар: гель, пенка, молочко.
Косметкианы териңиздин тибине ылайык тандап алыңыз. Тандоодо косметика саткан консультанттар жардам беришет.
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet
баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Косметологдоун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет
Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет