“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. “Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Бирок бетим майланышкандай боло берет. Эмне кылышым керек, кеңеш бериңизчи?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Бетиңизге безетки чыгыпт жатса, чыкпаса деле эч убакта самын менен жууган болбойт. Себеби самын беттин ph балансын бузуп, өтө кургатып жиберет. Тери кургап кеткенде организм аны коргоо үчүн мурдагыдан да көбүрөөк май бөлүп чыгарат. Бетиңиздин улам майланышып калганы ушуга байланыштуу.
Учурда дүкөндөрдө жана дарыканаларда атайын бетти тазалоочу каражаттар абдан көп. Өзүңүздүн териңиздин өзгөчөлүгүнө жараша тандап алсаңыз болот.
Көңүл бура турган нерсе, бардык косметиканы базардан эмес, колдон келсе дүкөндөрдөн, дарыканадан алыңыз. Анткени сыртта турган каражаттар күндүн нуруна какталып, ысыкта-суукта тургандыктан өзүнүн касиетин жоготуп, сапаты төмөндөп кетиши мүмкүн.
Самын кол жууп, андагы кирлерди жана бактерияларды кетирүүгө гана ылайыкталган. Аны беттин теричине кам көрүү үчүн такыр колдонгон туура эмес.
Косметолог Асель Алымбаеваны cityestetic.kg сайты аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.