// //

Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет

2020.04.06, 09:39
1305

Саламатсызбы. Мен жигитмин, жашым 20да. Бетимди самынсыз жуусам деле кургап, кычыша берет. Эмне кылышым керек, жооп берип коюңузчу сураныч?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2020, 09:40

Асель Алымбаева

Косметолог

Саламатчылык.

Биринчиден, самын менен бетти жууган такыр болбойт. Айрым дары самындарды эске албаганда.

Экинчиден, эмне себептен кычышып жаткандыгын аныктоо зарыл. Бул алергия, беттин териси өтө кургак, тери алдындагы кенелер (клещи, грибки) ж.б. болушу мүмкүн. Ар бирин дарылоо ыкмасы ар башка, ошондуктан диагноз коюлгандан кийин гана чара көрүүгө болот.

Үчүнчүдөн, көбүрөөк суу ичүү зарыл. Бир күндө 2-3 литр. Аз-аздан улам жутуп коюп туруңуз.

Төртүнчүдөн кам көрүүчү косметиканы туура тандоо абдан маанилүү. Аны косметолог-дерматолог консультация учурунда сиздин анализдериңизди эске алып, кеңешип тандап берет.

Ден соолукта болуңуз!

Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт