// //

Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет

2020.04.02, 12:24
2071

Саламатсызбы. Жашым 21де, “детский крем” дегенди колдоном, башкалары бетимдин терисине жакпайт. Анын эч кандай терс жактары жокпу? Кээ бирлер “сага колдонгон болбойт” деп айтышат. Эмне үчүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2020, 12:25

Асель Алымбаева

Косметолог

Балдар үчүн кремдин эч кандай терс таасири жок. Бетиңиздин терисине жакса колдоно бериңиз. Сиздин териңиз кургак анан сезимтал окшойт, анткени “детский кремдер” нымдоочу (увлажняющий) жана эс алдыруучу (успокаивающий) ингридиенттерди көп камтыйт.

Менин сизге бере турган кеңешим, курамы боюнча балдар кремине окшош аналогдорду сөзсүз табыңыз. Себеби жакынкы аралыкта бырыштарга каршы ингридиенттерди камтыган кремдер менен да колдонуу зарыл болот. Балдар креминде андай функция жок.

Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт