Иттерден корком, аларды 20 метр аралыктан айланып өтөм. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен иттен абдан корком. Өзүм чоң элемин, азыр 21 жашка чыгып калдым. 7 жашымда итке талангам, азыркыга чейин бутумда тырыктар калган. Ошондон кийин аябай корком, 20 метр алыс өтпөсөм, муунум калчылдап, жаман болом. Айырмасы жок, чоң итпи, кичинекейиби, баарынан эле корко берем. Алар да мени көрсө эле үрө беришет. Коркоктугумду кантип калтырам?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Саламатчылык. Сиз итке талангандан бери 14 жыл өтүптүр, бирок коркуу сезими дагы деле ошол кездегидей курч. Мында башкы көйгөй иттерде эмес, сиздин аң сезимиңизде калыптанып калган коркуу сезиминде.
Акыл-эсиңиз менен иттер анчалык деле коркунучтуу жаныбар эмес экенин түшүнүп турасыз, бирок коркуу сезими аларга жакындоого мүмкүнчүлүк бербейт.
7 жашыңызда өзүңүздүн өмүрүңүз үчүн корконсуз, анткени кичинекей балага чоң ит чындап эле олуттуу, реалдуу коркунуч туудурат. Бул нормалдуу көрүнүш, бардык адамдар ден соолугун, өмүрүн тобокелчиликке салгандан коркот, ошондуктан өзүбүздү-өзүбүз сактоо инстинктибиз ишейт.
Ситуацияны анализдеп көрүңүз:
Сиз бой жеткен чоң кишисиз, иттеррге тап бере аласыз. Бирок бул жаныбарды көргөндө, аң сезимиңизде баягы кичинекей бала ойгонуп, сизди коркууга, өзүн сактоого түртөт.
Кандай иттер чындап эле коркунучтуу? А кандай иттердин зыяны жок? Бардык эле иттерден коргонуу керекпи же айрымдары менен достошуп алса болобу? Коопсуз иттерге акырындык менен жакындаганга аракет кылыңыз. Бир эки жолу коркуу сезиминен аттап өткөндөн кийин акырындык менен жоголо баштайт.
Кааласаңыз психотерапевтке кайрылып, терапиядан өтүп, коркуу сезимин жеңгенге аракет кылып көрүңүз.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу