Диффузный мастит деген кандай оору? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Көкүрөгүмдү текшертсем диффузный мастит дейт. Бул кандай оору? Билип бериңизчи
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатчылык. Биринчиден Диффузный мастит деген түшүнүк жок. Диффузная мастопатия – деген оору бар.
Мастопатия – бул сүт бездеринин залалдуу эмес шишиги. Мында ткандар өсүп бир же бир нече берч пайда болот. Бир нече катуу түйүн болсо дуффуздук деп аталат. Мастопатия адатта гормоналдык бузулуулардан улам келип чыгат.
Мастит – бул сүт бездеринин сезгенүүсү. Көбүнчө биринчи жолу төрөп, эмизип жаткан келиндерде пайда болот.
Мастит жана мастопатиянын дарылоо жолдору ар башка. Ошондуктан диагнозун тактап алуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу