// //

Эмчегимдин учу карттанып кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?

2020.04.17, 11:11
2172

Саламатсызбы. Жашым 20да. Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет. Эмнеден мындай болушу мүмкүн?

Мен турмушка чыга элекмин, бала эмизбейм, жыныстык катнашка барган эмесмин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2020, 11:17

Аида Осомбаева

Medcenter.kg медицина борборунун адиси, маммолог

Саламатсызбы. Үрптүн карттанып, кайра-кайра түшүп жатканынын бир нече себеби болушу мүмкүн. Мисалы: кандидоз б.а. айтканда “молочница”, кантактык дерматит же организмдеги гормоналдык бузулуу.

Балким ич кийимиңиз ыңгайсыз, өтө кысат, же болбосо синтетика, териңиз ошого аллергия болуп жатат. А балким териңиз өзү эле өтө кургак.

Эмнеси болсо да маммолог жана дерматологго кайрылып, цитологияга жана гормондорго анализ тапшыруу зарыл. Ошондон кийин гана так себеби белгилүү болот. Андан кийин тиешелүү дарылоо жазылат.

Ден соолукта болуңуз!

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт