// //

Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты бирок дагы деле сүтүм бар

2020.03.25, 10:02
1815

Саламатсызбы. Мен бир суроо менен кайрылайын дегем. Кызымды эмчектен чыгарганыма 1 жыл 4 ай болду. Бирок сүтүм дагы деле тартыла элек, сыксам кадимкидей чыгат. Бул көрүнүш баарында эле болобу же менде элеби? Ден соолугум үчун коркунуч жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2020, 10:03

Аида Осомбаева

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог

Саламатчылык. Эмчектен чыгаргандан кийин 6-12 айга чейин үрптөрдөн сүттүн аз-аздан чыга бериши мүмкүн. Бул организмде пролактин гормону (сүттү иштетип, бөлүп чыгаруучу гормон) көп болгондон улам.

Ал эми сүтүңуз ашыкча көп болуп, сизге ыңгайсыздык жаратып жатса, пролактин гормонуна анализ тапшырып, эмчек безин УЗИге тарттыруу зарыл.

Ден соолукта болуңуз!

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg

инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт