// //

Мен эркекмин, көкүрөгүмдө без бар, кантип жок кылса болот? Маммологдун жообу

2020.06.03, 11:40
1967

Менин тынчымды алган бир суроо бар: 32 жаштамын, үйлөнгөм, балдарым бар. Көкүрөгүмдүн эки жагында тең без бар. Өспүрүм куракта чыккан, кийин ошо бойдон калып кетти. Кээ бир балдарга да чыгып, кайра жоголгон экен. Кээде кыздардын эмчегиндей болуп томпоюп калат. Кандай кылып жок кылсам болот? Кимге кайрылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.06.2020, 11:42

Аида Осомбаева

Medcenter.kg медициналык борбордун адиси, маммолог

Саламатчылык. Сиз айтып жаткан нерсе “гинекомастия” болушу мүмкүн. Гинекомастия  - бул эркектин организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам эмчек безинин өсүшү.

Адатта өспүрүм куракта, организмде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан учурда пайда болот. Сиз айткандай айрымдарыныкы жок болуп кетет, кээ бирлериники калып калат.

Эркектердин эмчек безинин чоң болушу эстетикалык ыңгайсыздык эле эмес, медициналык көйгөй да болушу мүмкүн. Аны так билүү үчүн маммологго кайрылып, УЗИден өтүп, пролактин гормонуна анализ тапшырышыңыз керек. Эгер бардыгы жайында болсо, операция аркылуу ашыкча ткань алынып салынат.

Ал эми гормоналдык “сбой” аныкталса эндокринологго да көрүнүп, дарылануу керек болот.

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?

Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар

Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт