Ата-энемдин урушунан нервим калбай калды. Эксперт кеңеш берет
Атам ичсе да ичпесе апам менен айтыша берет. Менден кичүү иним күндө көчөгө чыгып кетет, 2 жаштагы карындашым бар. Мына азыр да урушуп олтурушат. Мен барган сайын нервный болуп баратам. Кеңеш бериңизчи, эмне кылышым керек?
Гүлмира Молдокулова
Психолог
Бала үчүн “ата” деген бул эң күчтүү, акылдуу, ишеничтүү киши. Балдар чоңойгондо атасына окшош болгусу келет. Бирок бардык эле аталар балдарына үлгу боло албайт. Ичкен ата, мас болуп алып эмне кылганын, кандай жаман иш жасаганын түшүнбөйт. Мындан сырткары аялын, балдарын урат. Муну түшүнгөнгө кыйын жана бул абалга макул болуу оор. Бир караганда, бул абалдан чыгуунун жолу жоктой сезилет. Эмне кылыш керектигин билбейсиң. Апаңды, бир туугандарыңды, өзүңдү ойлоно берип башың ооруп кыйналасың, ушул көйгөй менен жалгыз калгандай сезилет.
Эмне кылуу керек? Биринчиден тынчтанып, кандай иш-аракеттерди жасасам болот деп ойлонуп көр. Экинчиден туугандардын арасынан, үй-бүлөнүн досторунан кимге бул көйгөйдү айтсам болот, атама кимдин сөзү өтөт деп изилдеп көр. Башкалардан жардам сурагандан уялба.
Атаң соо болуп турган кезинде олуттуу сүйлөш. Экөөнүн ортосундагы чыр чатактар сага жана бир туугандарыңа терс таасирин тийгизип жатканын айт.
Бугуң толуп ыйлагың келсе, бул нормалдуу көрүнүш. Эмоцияларыңдын бардыгын сыртка чыгарып сал, ичиңе топтобо.
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Тилекке каршы сен эч нерсе кыла албайсың. Ата-энеңдин күндө чыр-чатак салганы абдан өкүнүчтүү. Алардын сенин кыйналып жатканыңды байкабай турганы да кейитет.
Демек, эртелеп жетилишиң керек
Сен бир туугандарың үчүн жооптусуң, аларга кам көр. Ата-энең урушуп жатканда биринчи кезекте, өзүңдүн жана иниң менен карындашыңдын коопсуздугу жөнүндө ойлон. Мүмкүнчүлүк болсо, үйдөн кетип калгыла.
Өзүңө болгон ишенимди жоготпо
Эч убакта башыңды жерге салып, чүнчүп кетпе. Үй-бүлөдөгү уруштар сенин жеке жашооңо, кызыгууларыңа таасирин тийгизбеши керек. Мындай кыйынчылыктарды баштан кечиргендер көп. Сунын учурдагы негизги максатың, жакшы окуу жана билим алуу. Бардык күч аракетиңди ошого жумша. Билимдүү жана күчтүү болсоң көптөгөн ийгиликтерге жетесиң. Иниң менен карындашың үчүн үлгү бол. Чоңойгондо ата-энеңдин катачылыктарын кетирбегенге аракет кыл.
Эсиңде болсун, ата-энеңдин урушуп жатканында сенин күнөөң жок! Аларга ачууланба жана таарынба. Билем, бул абдан оор. Бирок сен күчтүүсүң. Бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, чоң ийгиликтерге жетээриңе ар дайым ишен!