ЗАГС алуу үчүн канча сом керек? Негизги 10 суроого жооптор
Баш кошуу ар бир адамдын жашоосунда бактылуу жана олуттуу кадамдардын бири. Никеге тургандан кийин нике күбөлүгүн кайдан алыш керек? Ага канча сом керек жана кандай документтер талап кылынат? Бул суроолордун бардыгына Бишкек шаарынын Бакыт өргөсүнун башчысы Дария Райымкулова жооп берди.
Канча жаштан баштап никеге турууга уруксат берилет?
Никеге турууга 18 жаштан жогорку жарандарга уруксат берилет. Ал эми 17 жашка чыккан жаран никесин каттайм десе анда, жашаган жеринен, райондук администрациядан же айыл өкмөтүнөн уруксат кагазын алышы керек. Ошол кагаздын негизинде 17 жаштагы жарандардын арызын кабыл алабыз.
Жубайлар ЗАГСка туруу үчүн кайда кайрылышы керек?
Түйгөйлөр никесин катоо үчүн Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдарына кайрылышы керек. Ал үчүн Калкты тейлөө борборлорунда жайгашкан ЖААК бөлүмдөрүнө, же Бакыт өргөсүнө кайрылса болот. Айрым ЖААК бөлүмдөрү жок айыл жергесинде жашагандар айыл өкмөтүнө кайрылышы керек.
Никени каттатуу үчүн кандай докмуенттер зарыл?
Биринчи өздүгүн тастыктаган документ керек, бул
- ID-паспорт;
- никеси бузулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, эгер бирөөсү же экөө тең мурда никеде турган болсо;
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, эгер балдары бар болсо;
- боюнда бар деген медициналык справкасы, эгер келин кош бойлуу болсо.
Нике күбөлүгүн алуу үчүн канча сом төлөнөт?
Кыргыз Республикасы боюнча ар кайсы территорияда ар кандай болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында күбөлүктүн наркы, банкка төлөнүүчү комиссиясы менен кошо - 57 сом.
Райондук ЖААК бөлумдөрүндө башка тариф. Нике күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырылышын кааласаңыз Бишкек шаарынын бакыт өргөсүндө, күбөлүктүн наркы, (нике күбөлүгү, банктын комиссиясы жана кызмат көрсөтүү менен бирге) - 1842 сом болот.
Бишкек шаарынын ичинде ЖААК бөлумүнөн сырткары, мисалы: ресотранда, паркта же үйдө тапшыруу аземин өткөрүү кызматы - 4090 сомду түзөт.
Бул баалар жыл сайын өзгөрүп турушу мүмкүн.
Нике кубөлүгү канча убакыттан кийин даяр болот?
Мамлекеттик каттоо түйгөйлөр арыз жазган күндөн баштап бир айдын ичинде каттоого милдеттүү.
Ал эми өзгөчө учурлар болсо, мисалы жубайынын боюнда бар, же экөөнүн ортосунда баласы бар болсо, анда бир айлык убакыт күтүп отурушпайт. Жарандар каалаган күндө нике күбөлүгүн ала алышат.
Нике күбөлүгүн интернет аркылуу алса болобу?
Жок, бүгүнкү күндө биздин мыйзамга ылайык, нике күбөлүгүн интернет аркылуу берүү мүмкүн эмес. Никеге турууга арызды экөө чогуу келип жазышы керек, бул милдеттүү талап. Нике катталган күндө да экөө бирге келип, колдорун коюп, күбөлүктү алып кетишет.
Эгер жубайлардын бири чет өлкөдө болсо ишеним кат (доверенность) аркылуу нике күбөлүгүн ала алышабы?
Эгер түгөйлөрдүн биринде Кыргызстанга келе албаса, арыз берүүгө шарты жок болсо, бири чет жактан, бири бул жерден, өз-өзүнчө арыз берсе болот. Чет жактан жүргөн жарандын арызына коюлган кол тамгасы нотариалдык түрдө тастыкталууга тийиш. Ошол арызы менен бул жактагы түгөйлөрдүн бири келип, арызын берсе кабыл алабыз. Бирок дайындалган күнгө, башкача айтканда бир айдан кийин, экөө чогуу келүүсү зарыл. Бул милдеттүү шарт. Алар кол коюп докмуентин алып кетишет.
Жубайлардын бири чет өлкөлүк болсо, ЗАГСка турса болобу? Ал үчүн кошумча кандай документтер керек?
Эгер Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекеттин жараны менен никесин каттагысы келсе, чет элдик жаран өзүнүн мамлекетинде башка никеге катталбагандыгы тууралуу маалымкатты алып келип берүүгө тийиш.
Эгер биздин КМШ өлкөлөрүнүн жараны болсо, ал справка легализациясыз кабыл алынат. Ал эми башка мамлекеттин жараны жана анын өлкөсү Гаага конвенциясына кошулган болсо анын маалымкатына (справкасына) апостиль коюлууга тийиш. Апостиль жок болсо легализациядан өтүшү керек.
Бир эле учурда эки адам менен ЗАГСка турса болобу?
Биздин мыйзам, үй-бүлөлүк кодекс, бир эле адамдын эки башка адам менен никеге туруусуна уруксат бербейт.
ЗАГСка туруунун эмне кереги бар? Ал жарандарга кандай артыкчылыктарды берет?
Никени мамлекеттик түрдө каттоо зарыл, анткени эки түгөй үй-бүлө курганда, экөөнүн бири-бирине карата милдеттери жана укуктары жаралат. Алардын милдеттеринин аткарылышын жана укуктарынын корголушун мамлекет көзөмөлгө алат жана кепилдик берет.
Маселен, кийин ажырашабыз деп калышса, сотко кайрылып укугун коргоого мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары бул никеден төрөлгөн балдардын да укуктары, милдеттери жаралат. Бардыгын мамлекет коргоого кепилдик болуп берет.