// //

Аборт жасатканым үчүн жети жылдан бери балалуу боло албай келем

2020.10.18, 12:05
4267

Жибек (каармандын аты өзгөртүлгөн) өзүнүн катын ушундай сөздөр менен баштады. Шаарда тил курстарын окуп жүргөм, анткени жакын арада чет өлкөгө кетмек болчумун. Байкелерим, иш ордун камсыздап, документтеримдин бардыгын бүтүрүп коюшкан. Окуум бүтөрү менен кетмекмин.

Курбуларым бир кечеге чакырышты. Ал жерден бир бала менен таанышып, жакындан сүйлөшө баштадык. Эмнеге андайга барганымды азыр деле түшүнбөйм. Бирок ал бала менен бир нече жолу жолугуп, жыныстык катнашка бардык.

Кош бойлуу экениңизди качан билдиңиз?

Байкемдер мага билет алып, бардыгын камдап коюшкан болчу. Кетээриме эки ай калганда боюмда бар экенин түшүндүм.

Сиз жигитиңизге бул тууралуу айттыңызбы?

Жок, айткан эмесмин. Ал экөөбүздүн келечегибиз жок болчу. Баш кошуп, үй-бүлө куруп кете алышыбызга көзүм жеткен жок. Аборт кылуу чечимин өзүм эле кабыл алгам.

Анын үстүнө ата-энемдин, байкемдердин мага болгон ишенимин, алардын эмгегин текке кетиргим келген жок. Мага болгон үмүтү чоң эле.

Ата-энеңизге да айткан жоксузбу?

Жок, алар мындай жаңылыкты кабыл алышмак эмес. Эл караган жүзүбүздү жер караттың, деп айтышмак.

Абортту кайдан жасаттыңыз?

Үйдөн эле. Интернеттен дарылардын аталышын окуп, аптекага барып сатып алгам. Андан кийин көпкө чейин кан кетти. Бирок больницага баргандан корктум.

Аборттон кийин ден соолугуңузда көйгөйлөр жаралган жокпу?

Табарсыгым ооруп, ылдый тартат, бат-баттан эле цистит болом. Бирок эң чоң көйгөй, мен төрөй албай жүрөм. Андан бери жети жыл өттү. Доктурларга барып көрүндүм, анализдерди тапшырдым, дарыландым. Ырым-жырымдарды да жасадым, азырынча натыйжа жок. Боюма бүтпөй жатканын ошол абортко эле байланыштырам.

Аборт жасатпасаңыз жашооңуз кандай болмок?

Бул тууралуу көп ойлондум. Жеңил ойлуулугама, жаштык кылганыма аябай өкүнөм. Ошондо, жок дегенде презерватив колдонгонубузда, аборт жасатууга аргасыз болмок эмесмин. Балким, азыр бир нече баланын бактылуу энеси болмокмун.

Аборт жана анын кесепеттери тууралуу гинекологдорго кайрылып алардын пикирин уктук:

“Медикаментоздук аборт башкаларына салыштырмалуу эң коопсуз болуп саналат, эгер доктурдун көзөмөлүндө жасалса, сиздин абалыңыз ар дайым контролго алынып турса жана эч кандай көйгөйлөр, өтүшүп кетүүлөр (осложнения) жаралбаса” - дейт гинеколог Светлана Коздрович.

Андан тышкары ушул жети жыл аралыгында тукумсуздукка алып келген башка ооруларга да туш болгон жоксузбу? Мына ушуларды да аныктоо зарыл. Мисалы жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар, хламидия, гонорея ж.б аялдын да эркектин балалуу боло албай калышына себепкер, деп кошумчалады гинеколог.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова, аборт жасаткандан кийинки эң коркунучтуу кесепеттердин бири тукумсуз болуп калуу дейт.

“Медикаментоздук аборт болобу, инструменталдык аборт болобу баары бир тобокелчиликтер абдан көп. Өзгөчө ага чейин төрөй элек кыздар үчүн. Кээ бир аялдар бойдон түшүргөндөн кийин көп кан жоготуп алышы мүмкүн. Сезгенүү процесси башталып, ал улам жогору көздөй жылып отуруп, жатын түтүктөрүнө, жумуртка бездерине залалын тийгизет. Спайка башталып, узак убакытка чейин бойго бүтүрө албай, көп жылдар бою дарыланууга аргасыз болушат” – дейт Жамиля Сагинова.

Ар бир бала аны күтүп, тилеп алган үй-бүлөдө төрөлүшү керек. Ошондуктан планга кирбеген кош бойлуулуктан сактануу зарыл. Азыркы учурда контрацепциянын түрлөрү абдан көп: дарылар, свечалар, кремдер. Эң эле жеткиликтүүсү – презерватив. Ал үч тараптуу коргонууну камыздайт:

  1. Планга кирбеген кош бойлуулуктан
  2. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекция оорулардан
  3. ВИЧ инфекциясынан

Балалуу болуу бул чоң бакыт жана жоопкерчилик. Ата-эне болуу үчүн моралдык жана материалдык жактан даяр болуу зарыл. Кош бойлуулук сиздин планга кирбесе, контрацепция каражаттарын колдонуңуз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан аборт жасатпаганына өкүнгөн келиндин баянын окусаңыз болот. 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт