// //

Жаңы жыл жөнүндө 10 кызыктуу факт

2018.12.25, 14:10
8254

1. Жаңы жылга балатыны кооздо салты XVII кылымда Германияда пайда болгон. Байыркы немецтер балатыны алма, печенье, канттын бөлүктөрү менен кооздошчу.

2. Алгачкы айнек оюнчук да Германияда пайда болуптур. Айнекти үйлөөчү чеберлер айнектен көрктүү оюнчуктарды жасашса, алардын шакирттери картондон кичинекей коңгуроолорду, жүрөкчөлөрдү, куштардын, жаныбарлардын фигураларын жасап, ачык түстөргө боешкон.

 

3. 1895-жылы алгачкы электр гирляндасы менен американын Ак үйүнүн алдындагы балаты кооздолгон.

4. 1843-жылы Лондондо алгачкы жаңы жылдык открытка басылып чыгарылган. Ошондон тарта жаңы жылга открытка берип куттуктоо салты пайда болгон.

5. Дүйнө жүзүндөгү эң узун жасалма балаты Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында орнотулган. Анын бийиктиги 76 метр болчу.

6.Бишкек (мурунку Пишпек) 1895-жылы Орто Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп балаты орноткон. Алматы шаарында 1913-жылы, Ташкентте 1955-жылы коюлган.

7. Кыргызстандын эли бир жылда эки жаңы жыл тособуз. Биринчисин бүткүл дүйнө менен кошо 1-январда, экинчи жаңы жыл Ноорузду 21-мартта майрамдайбыз.

8. Өткөн кылымдын орто ченинен тартып Кыргызстандагы бардык мектептерди жана бала-бакчаларды балаты кооздоп, жаңы жыл майрамын өткөрүүнү милдеттендиришкен.

9. Дүйнө жүзүндөгү аяз аталардын тону кызыл түстө. Ал эми кыргыз аяз атанын тону көбүн эсе көк болот.

10. Жаңы жыл майрамы үй-бүлөлүк майрам. Кыргызстандагы бул майрамдын негизги атрибуттары мандарин, оливье салаты жана шампанский.

Келе жаткан жаңы жылыңар менен!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт