Көкүрөгүмдүн үстүндө без сыяктуу бир нерсе бар, бул коркунучтуу эмеспи?
Саламатсызбы. Жашым 20да. Эки көкүрөгүмдүн тең үстүндө без сыяктуу бир нерсе бар, кармаса оорутат. Бул коркунучтуу эмеспи? Анан дагы көкүрөгүм курбуларыма салыштырмалуу эки эсе кичине, себеби эмнеде болушу мүмкүн?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Сүт бездеринде эч кандай бездер, берчтер, катуу нерселер болбош керек. Бул нормалдуу болуп саналбайт. Эмчектеги бездер лактациялык эмес маститтен баштап, рак оорусунун симптому болушу мүмкүн. Аны аныктоо үчүн маммологго кайрылып, УЗИге түшүп, анализ тапшыруу керек. Зарылчылык бар болсо Трепан биопсия жасатуу сунушталат.
Ал эми эмчектин көлөмү жөнүндө айта турган болсок, адатта ал генге байланыштуу болот. Башкача айтканда тукум кууйт апаңыздын, эжелериңиздин, чоң апа-таенеңиздин көкүрөгү кандай эле?
Өспүрүм куракта төштүн өсүүсүнө эстроген гормону жооптуу. Бул гормон канда жетишсиз болсо эмчек өспөй калышы мүмкүн. Калкан безинин гормондорунун деңгээли төмөн болгон кыз-келиндердин да төшү кичинекей болот.
Негизи кыз баланын көкүрөгү 11-12 жашынан баштап өсүп 15-16 жашка чейин толугу менен калыптанып калат. Айрымдарыныкы 18-19 жашына чейин өсөт.
Эндокринологго кайрылып калкан безинин, эстроген, прогестерон, тестостерон гормондоруна анализ тапшырып көрүңүз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу