// //

Баланын мурдуна же кулагына сүтүңөрдү саабагыла! Суроолорго педиатр жооп берет

2020.10.03, 14:26
3728

Окурмандар узаткан суроолорго педиатр Элнура Жумашева жооп берди. Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Эки жаштагы балам эмчек көп эмет, бирок тамак аз ичет.

Айсана, Бишкек шаары

Биринчиден, эмчек эмгенди адат кылып алган. Экинчиден, эмип жаткан күндө дагы аз тамактанбашы керек. Себеби бала эки жашта, организми чоңоюп, энергия көп сарпталып жатат. Бул учурда эне сүтү жетиштүү болбой калат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу дасторконго отуруп тамактануусу зарыл.

Педиатрга алып барып көрсөтүңүз, аз кандуулукту аныктоо үчүн кан анализин жана ага кошуп курттарга анализ тапшырсын. Жыйынтыгына жараша эмне үчүн тамакты аз жеп жатканы билинет.

Кызым бир жаш эки ай болду, бирок, баса элек.

Болот, Ош шаары

Тогуз айдан кийин бала башын кармап, жөрмөлөп, он, он бир айдан бир нерсени сүйөнүп, силердин жардамыңар менен кадам таштап калышы керек. Кызыңызды ортопед, травматолог жана невропатологго көрсөтүңүз. Алар баары жакшы десе, жалпы массаж алып коюңуз. Анан балага жардам жана витамин бергенди унутпаңыз.

Үч айлык баламдын мурду бүтүп жөтөлүп жатат.

Чынара, Бишкек шаары

Алты айга чейинки балдардан бардык педиатрлар чочуйт. Анткени, эртең менен мурду бүтүп калган болсо, түштөн кийин пневманияга айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге алып барып, тыңшатып, дары жаздырып алгыла, үйдө кармабагыла.

Эч качан мурдуна сүтүңөрдү сабагыла. Анткени, мурдунун ичиндеги вирустарга көбөйүшү үчүн жагымдуу шарт түзүп бересиңер. Мурун бүткөнү ого бетер күчөп кетет. Ошондой эле өпкөсүнө сүтүп кетет, бул абдан коркунучтуу.

Төрөгөнүмө бир ай болду. Мөмө-жемиш жеп үйрөтө берсем болобу?

Жаркын, Бишкек шаары

Албетте, болот, көп жей бериңиз. Болгону муздаткычта сакталбаган мөмө-жемиш болсун. Базардан алып келгенден кийин таза жууп, дароо жеп түгөтүү керек. Муздаткычта мөмө-жемишти сактоо туура эмес. Ич өткөктүн таякчалары муздаткычта жакшы көбөйүшөт. Андыктан, дароо ошол убакытта жеп салган туура.

Кызым бир жаш төрт ай. Кантип эмчектен чыгарсам болот?

Айтурган, Токтогул району

Жакшысы, баланы эки жашка чейин эмизген туура. Эгер жүйөөлүү бир себептер болсо, анда чыгара бериңиз. Эмчектен чыгарганда бала стресске түшөт. Элестетиңиз, апасы бир күндө эле эмчек бербей калганын. Эмчекке ар нерсе тартып коркутуунун кереги жок. Бала стресс албай турган жолду тандаңыз. Биринчи күндөрү күндүз эмес түндө эмизгенге аракет кылыңыз. Таенесине же чоң апасына берип коюп чыгарсаңыз дагы жакшы. Анткени, сизди көрбөйт. Түндө курсагы ачпай тургандай жакшылап тойгузуңуз, суусаган учур үчүн башына бөтөлкөлөргө суу коюп коюңуз.   

Эки жаштагы баламын эмдөөсүн алганбыз, он күн болуп калды. Ийне сайган жери дагы деле катуу болуп турат, жуунта берсем болобу?

Адина, Ош шаары

Албетте, жуунтсаңыз болот. Катып турган жерине “вишневский мазь” сүйкөп коюңуз. Бул мазь сезгенүү процессине жакшы жардам берет. Жыты бир жагымсыз, бирок үч күн-үч күн албастан, суткалап койсоңуз жакшы жардам берет.  

Жаңы төрөлгөн баланын киндигин кантип “обработка” кылса болот?

Жылдыз, Бишкек шаары

“Зажим” түшө элек болсо, жагымсыз жыт пайда болот. Бул киндиктин бүтүп жатканын билдирет, андыктан ал жытка көңүл бурбайбыз. Эгер айланасы кызарып калган болсо, кадимки эле  этиль спирти менен айлантып  “обработка” кылып кое бериңиз. Кабатыр болбоңуз, киндигин ачыштарбайт, ал жерде сезимтал зоналар жок, баары жабык. Эч качан зеленка койбоңуз, кызарганы же кызарбаганы байкалбай калат.  

Негизинен киндик “обработкага” муктаж эмес, болгону пасперстин сыртында болсун, жуунтканда жакшы кургатып койгула.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт