Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Менин уулум 1 жаш 3 айлык. Тамагы тез-тез ооруп, кырылдаганы кетпейт. Эмне даары берсем болот? Кантип биротоло айыктырам?
Елена Халитова
“Семья и Здоровье” клиникасынын адиси, педиатр
Көпчүлүк ата-энелер тамагы кызарып, ооруса демек бул ангина, деген жаңылыш пикирде болушат. Айрым дарыгерлер да ушинтип ойлошот. Баланын тамагы сезгенип калса, өтүшүп кетпесин деген ойдо дароо антибактериалдык каражаттарды жазып беришет.
Чынында эле, кадимки ангинаны стрептококк (анын ичинде бета-гемолитикалык) - деп аталган өтө коопту бактериялар козгошот. Бирок бул оору вирустун айынан пайда болгон учурлар да көп. Андайда антибиотиктер алсыз.
Кээде дарыгер өзү да ангинага эмне себепкер болуп жатканын түшүнө албайт – вирус же бактерия? Себеби экөөнүн тең белгилери окшош. Аныгын билүү үчүн формуласы менен кан тапшыруу зарыл. Анын негизинде туура дарылануу жазылат.
Ооруга эмне себепкер экенин билүу үчүн баланын тамагынан да сүртүндү (мазок) алынат. Дароо стрептотест жасалып, микрофлорасы аныкталат. Микрофлора аркылуу эмне үчун улам тамагы кармап жатканын биле алабыз. Демек антибиотикти да туш келди эмес, ылайыктуусун тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Антькени антибиотиктерди тең салмактап жазуу керек.
Тилекке каршы, катардагы КРВИ (Курч респиратордук вирустук инфекция) көп эле тонзилит (ангина) менен коштолот. Мындай учурда пневмококктук, гемофильдик жана гриппке каршы вакцинациядан өтүү туура болмок. Айыга баштаган кезде физиотерапиянын бир курсун өтүп кою ашыктык болмок эмес. Кандай болгон күндө да КРВИге каршы чара көрүү ангинаны да жок кылат.
Уулуңуз тез сакайып кетсин!