Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Эки айлык кызымды жуунтуп бүткөндөн кийин кулагын “ухочистка” менен тазалап, терең киргизип алдым окшойт. Аябай ыйлады. Тарсылдагын жарып алган жокмунбу, деп коркуп жатам. Эч нерсе болбойбу? Эмне кылышым керек?
Елена Халитова
“Семья и Здоровье” клиникасынын адиси, педиатр
Саламатчылык. Таңгагынын сыртындагы жазууларды жакшылап окусаңыз, ал жакта “ухочистка” деген жазуу жок, бул таякчалар косметикалык - деп аталат, жана боёнуу же макияжды тазалоо үчүн колдонулат.
Ошондой эле бул таякчалар менен жараны “обрабока” кылса болот. Мисалы “зеленка” же фукорцин менен сүйкөгөндө.
Бирок эч убакта кулак мурун тазалоо үчүн колдонгон болбойт. Таңгагынын сыртында да, “болбойт!” деген эскертүүчү жазуулар бар. Эмнегедир, ошого карабастан көпчүлүк кулактарын тазалоо үчүн колдонушат.
Баланын кулагын мурдун тазалоодо аларды такыр эле колдонбой эле койгон жакшы. Наристелердин органзими өзүн-өзү тазалоочу механизмге ээ болот.
Баланы сууга түшүргөндөн кийин кулагынын сыртын гана суу менен сүртүп койгон жетиштүү. Кулагынын ичин тазалагыңыз келип турса, 5-7 ммден терең эмес киргизүү керек.
Сиздин абалда эмне кылуу зарыл? Тарсылдагын бир нерсе кылып алдым деп шекшип жатсаңыз, кулагын стерилдүү вата же бинттен “тампон” жасап жаап бинт менен ороп коюңуз. Дароо ЛОРго көрсөтүңүз.
Доктур баланы текшерип, ооруну күчөп же өтүшүп кетүүсүн алдын алат. Өз маалында чара көрбөсөңүз, кийин угуусу начарлап, же такыр укпай калышы мүмкүн.
Кызыңыз ден соолукта болсун!
Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.