Даары ичсем, кийин сүтүм чыкпай калбайбы? Маммологдун жообу
Саламатсызбы. Баламды кече сүттөн чыгаргам. Сүтүм толуп, саасам ийибей, такыр чыкпай жатат. Эгер сүттү азайтуучу даары ичсем, кийин төрөгөндө сүт чыкпай калбайбы? Бул биринчи балам, ошондуктан билбей жатам.
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатчылык. Дары ичсеңиз болот, азыркы дары ичкениңиз кийинки лактацияга терс таасирин тийгизбейт.
Ал эми эмчектен чыгарган жөнүндо айта турган болсом, эмизүүнү акырындык менен азайтып отуруп анан чыгаруу сунушталат. Мисалы күндүз 1-2 эле маал эмизесиз, андан кийин такыр эмизбейсиз, андан кийин түнкүсүн эмизгенди токтосуз. Ошондо сиз үчун да бала үчүн да жеңилирээк болмок. Сүт өзү эле бара-бара тартылмак, дары ичпей эле эмчектен чыгарып коймоксуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу