realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП
realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП
realme – Oppo, Vivo жана One Plus компаниялары менен бирге ВВК кытайлык компаниялар тобунун бир бөлүгү болгон смартфон өндүрүүчү. 2018-жылдын май айында негизделген realme бренди дүйнөлүк рынокторго тез кирип барды, азыркы учурда анын популярдуулугу токтолбой өсүп барат, бүгүнкү күндө realme-нин күйөрмандарынын саны 35 миллионго жетти. Алардын үчтөн экиси – 25 жашка чейинки жаштар, алар брендди жогорку өндүрүмдүүлүк менен саркеч дизайндын айкалышкандыгы үчүн баалашат. Смартфондордун дүйнөлүк бренддеринин ТОП-7сине кирип, жакынкы келечекте эле сатуулар боюнча Xiаomiден ашып кетүүгө жөндөмдүү болгон үчүн realme Xiаomiнин өлтүргүчү деген макамды алды.
realme ар бир рынокко жекече мамиле кылып, андагы керектөө маданиятын эске алат жана сатып алуучулардын талаптарына туура келген өнүмдөрдү сунуштайт. Технологиялар рыногунда тренддердин түзүүчүсү болуп туруп, компания жогорку өндүрүмдүүлүккө, саркеч дизайнга жана төмөнкү наркка басым кылат. Кыргызстандын рыногу үчүн realme компаниясы realme 6 жана С серияларындагы смартфондордун линиясын сунуш кылат: Android 10 операциондук тутумундагы realme 6, realme 6i жана realme 6 Pro, ошондой эле realme C2, C3, C11 бюджеттик геймингдик смартфондору.
realme 6 – өзүнүн классындагы 90 Гц-тик экрандуу биринчи смартфон, бул дисплейде чагылуучу сүрөттөлүштүн эӊ жылма алмашуусун билдирет. 64 Мп чечилиштүү камера жогорку детализациядагы кадрларды чууну жок кылуу менен тартууга мүмкүндүк берет. Смартфон кубаттуу MediaTek Helio G90T оюндар үчүн процессору менен иштейт, программалык кабыкча жана калган жабдыктар менен бирге бул процессор аны бюджеттик сегменттеги эӊ өндүрүмдүү смартфонго айлантат. Ошондой эле кутудагы комплектацияда өзүнүӊ классындагы эӊ ылдам, смартфонду 100%га чейин 55 гана мүнөт ичинде кубаттоочу 30 Вттык кубаттагыч бар.
realme 6i – квадрокамера, сыйымдуулугу чоӊ батарея жана кубаттуу Helio G80 процессору менен жабдылган. Сыйымдуулугу 5000 мАч болгон батарея эӊ мыкты эркиндикти берет: бир кубат эки сутка иштөөгө жетет. Смартфон күӊүрт жабуу менен капталган жана эки түстө – “Ак сүт” жана “Көк чай” түстөрүндө сунушталат.
realme 6 Pro – 90 Гц-түү ультражылма дисплей менен, 64 Мп-дик, 4 модулдуу жана 20 эсе зумдуу квадрокамера менен жана камтылган realme 6 Pro жупталган селфи-камера менен мактана алат – өндүрүмдүүлүгү боюнча рыноктогу лидер болуп саналган сегиз өзөктүү Snapdragon 720G процессорунун негизинде түзүлгөн биринчи смартфон. Аккумулятордун 4300 мАч сыйымдуулугу бир кубат менен бир жарым күн иштөөгө кепилдик берет.
realme C11 5000 мАч сыйымдуулуктуу өтө кубаттуу аккумуляторду алган, бул анын энергияны үнөмдөөчү аппараттык жана программалык мүмкүнчүлүктөрү менен айкалышып келип, бир кубат менен күтүү режиминде 727 саат иштөөгө же онлайн-видеону 20 сааттан ашык көрүүгө кепилдик берет! Смартфондун экранынын диагоналы 6,5 дюймду түзөт. HD+ сапаттагы дисплей эмне кылып жатканыӊызга карабай: окуп, кино көрүп же видеооюн ойноп жатсаӊыз да ыӊгайлуулукту түзүп берет.
Кыргызстанда realme сериясындагы смартфондорду төмөнкү дүкөндөрдөн сатып алсаӊыз болот: