// //

Руслан Молдошев: “Кыргызстан” партиясынын келечеги – өлкөбүздүн келечеги!

2020.09.21, 14:54
1132

«Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Молдошев 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окуган. Ошол эле университетте аспирантураны аяктаган. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында “Каржы жана насыя” адистиги боюнча диплом алган.

Жаңы маалыматтык технологиялар борборунда инженер-программист жана “Мээрим” фондунун Ысык-Көл облустук филиалынын Шаардык балдар жана өспүрүмдөр борборунда маалыматтык технологиялар ийриминин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын II категориядагы мугалими квалификациясы бар. Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда мугалим жана программист, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун программалоо бөлүмүнүн башкы адиси, ошондой эле бир нече жоопкерчилиги чектелген коомдордо жана соода компанияларында иштеген.

“Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка эмне үчүн ат салышып жаткандыгын Руслан Молдошев маегинде айтып берди.

- Ийгиликке жетүүдөн мурун ар ким өз жолун басып өтөт ... Сиз кандай жолду басып өттүңүз?

- Мен орто мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, аспирантурага тапшырдым. Жаш кезимде, кесибим боюнча программист болуп, ал убакта программисттерге суроо-талап жок болгондуктан, мигранттын тагдырын башымдан өткөрдүм. Казакстанга иштегени кетип, ал жерден Шаршенбек Абдыкеримов менен таанышып калдым. Бул жолугушуу менин тагдырымды өзгөрттү. Анын кеңеши менен мен өлкөнүн жаркын келечегин түптөө үчүн мекениме кайтып келдим.

- Сиздин оюңуз боюнча, Шаршенбек Абдыкеримовдун ишенимине ээ болууга сиздин кайсы сапаттарыңыз жардам берди?

- Менин оюмча, адамдарга жана жумушка болгон мамилем. Тагдыр мени ушул адамга алып келгенине абдан кубанычтамын. Ал менин насаатчым болуп калды.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

- Биринчиден, менин келечекке болгон көз карашым партиянын программасы менен дал келди. Бул партияда көптөгөн ишкерлер бар. Партиянын программасында өндүрүшкө жана экономикалык өсүшкө өзгөчө басым жасалган.

- Жаңы муунга насаатчы боло алдыңызбы?

- Мен жаштар менен көп иштейм жана мага алар менен иштөө абдан жагат. Менин негизги кесибим - окутуучу, университетте иштейм. Жаштар келечекти кандайча көрүшөөрүн, кандай натыйжаларга жетүүнү каалай тургандыктары жөнүндө айтып беришет, мен болсо алардын пландарын тууралап, алардын башына түшкөн кырдаалда кандай мамиле кылуу керектиги боюнча кеңештерди берип турам.

- “Кыргызстан” партиясынын келечеги тууралуу айтсаңыз?

- Талапкерлер сөзүнө туруп, партиянын татыктуу атын жаманатты кылбашы керек. Партиянын аты биздин өлкө менен тыгыз байланыштуу, ал жөн гана пафос эмес.

Өндүрүштө иштеп, бизнес менен алектенип, бул тармактарда мамлекеттик деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөрдү байкадым.  Салык жана бажы тармагындагы, инвестиция тартуудагы көйгөйлөр мамлекеттик экономика үчүн негизги тоскоолдуктар болууда. Бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөр мыйзам менен жөнгө салынгандан кийин экономикабыз өнүгөт.

Эгерде мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам, аймактардагы элдер менен бир топ иштерди алып барууну пландап жатам. Көпчүлүктүн жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Ушул багытта элге жардам бергим келет.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 21-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.09.2020, 01:16

Саламатсызбы ! Менин 2 айдан бери башымдын арткы тарабы жана сол тарабы ооруп тынчымды алып жатат. Ооруп жаткан кезде озумдон озум жиним келип ар ким менен уруша берем кыскасы еч нерсе жактырбай калам , мунун себеби емнеде же еки баламды катар менен тороп жакшы тынбай калгандан уламбы буга чейин текшерилгенимде остехондроз деген бирок бир чеимге келип ооба анык ошол оору деп айткан жок жон кана болжолдоп айтты азыр да 3 наристемди кутуп жатам ! Башым ооруган кезде кулактарым да укпай калат азыр Бишкектемин кайсыл жакка кайрылсам болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт