Таякем майып бир тууганын үйдөн кууп чыкты. Кандай чара көрсөк болот?
Айылда биз өскөн чоң үй бар, 3 эркек 5 кыз, бардыгы үй-жайлуу. Кичүү таякем менен ортоңку таякем экинчи топтогу майыптар, экөөнүн тең үй-бүлөсу жок, иштешпейт, алган пенсияларына жашашат. Үй кичүү таякеме “дарственный” болуп катталган.
Быйыл улуу таякебиз үй-бүлөсү менен көчүп барышты. Үйдү оңдоп-түзөп жатышат. Биз аябай сүйүнүп калганбыз. Бирок анын ойлогону башка экен. Ортоңку таякебизди бир канча жолу уруп, кууп чыгыптыр, кичүүсүн Токмокко алып барып мал бактырам, дептир. Экөөнү кубалап, талаалаткысы бар. Анын ою үйдү сатуу.
Бизди укпай койду. Бир тууган эми, тынч сүйлөшөлү деп жатканбыз, же түз эле сот менен чечишүү керекпи?
Айжан Базаркулова
“Академик” юридикалык компаниясынын адиси, юрист
Эгер сиз кеп кылып жаткан үй кичүү таякеңиздин наамына катталган болсо, демек ал үйдүн менчик ээси жана өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарына ээ.
Улуу таякеңиз менен бул талаш маселени сүйлөшүү аркылуу, тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштайм. Ал эми анын максаты сиз айтып жаткандай майып бир туугандарын үйдөн чыгарып салуу болсо, анда кичүү таякеңиздин менчигин коргоо максатында сотко кайрылууга толук укугу бар.
Ал үчүн үй жайгашкан аймактагы жеригилктүү сотко арыз менен кайрылсаңар болот.
КР Конституциясынын 12-беренесинде корсөтүлгөндөй, менчик кол тийгис жана эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Юрист Айжан Базаркулова менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Бул жерден башка юридикалык суроолорго жоопторду окусаңыз болот:
Тигүү цехинин кожойкеси акчамды бербей жатат. Укугумду кантип коргойм?
18 жаштан өткөндөн кийин алкоголдун, тамекинин зыяны азыраак болобу?
Көп жолу дело ачтырсам да алиментти көбөйтүп бере алышкан жок. Эмне кылам?