18 жаштан өткөндөн кийин алкоголдун, тамекинин зыяны азыраак болобу?
Саламатсызбы. Менин суроом төмөндөгүчө: алкоголдук ичимдиктердин, тамекилердин сыртында 18+ деген жазууну көрөмүн. А эмне 18 жаштан өткөндөн кийин зыяны азыраак болобу? Эмне үчүн 18ден өйдө уруксат берилген?
Нургазы Абдувалиев
“Академик” юридикалык компаниясынын директору, юрист
Саламатчылык. Албетте алкоголдук ичимдиктер жана тамеки адамдын жаш курагына карабастан бардыгына бирдей зыян.
Болгону 18 жашка чыга электер – жашы жете элек болуп эсептелинет. Жашы жеткенге чейин анын жүрүм-туруму, ден соолугу, кам көрүү, тарбиялоо жоопкерчилиги ата-энеге жүктөлөт. Мыйзамга ылайык 18ге чыккандан кийин ар бир адам өзү үчүн өзү жооптуу болуп саналат.
КР "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү" мыйзамдары бар. Аталган мыйзамдардын талаптарына ылайык, 18 жашка толо элек балдарга тамеки жана курамында спирти бар алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.