Тигүү цехинин кожойкеси акчамды бербей жатат. Укугумду кантип коргойм?
Саламатсызбы. Жашым 29да, тигүү цехинде 10 жылдан бери эмгектенем. Жумушка кирээрде эч кандай документ талап кылган эмес. Иштеген акчамды кожойке ар кандай шылтоолорду айтып бербей жатат. Карыз сурап барганымда күйөөсүн чакыртып, сабаган күндөр да болду.
Милиция кызматкерлерине кайрылсам жыйынтык бологон жок. Соттук медициналык экспертизага барсам, анчалык деле оор жаракат жок экен, деп узатып коюшту. 10 000 сомго чейинки акчага кылмыш иши козголбойт экен.
Адамдын укугун коргой турган социалдык уюмдар барбы? Кимге кайрылсам болот? Мындай бейбаштарга ким чара колдонот?
Нургазы Абдувалиев
“Академик” юридикалык компаниясынын директору, юрист
Жумуш берүүчүнүн кызматкерлер менен расмий түрдө эмгек келишимин түзбөгөнү эмгек мыйзамынын талаптарын одоно бузгандык болуп саналат. Келишимдин жоктугу кызматкердин чындап эле иштегенин далилдөөдө кыйынчылык жаратат.
Мыйзамга ылайык, эмгек келишими түзүлгөн күндөн баштап, кызматкер иштеди деп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган бардык укуктар жайылтылат.
Сиз КРдин Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер башкармалыгына арыз менен кайрылыңыз. Биздин мамлекетте эмгек мыйзамдарынын сакталуусуна мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү аталган органдын компетенциясына кирет.
Текшерүүнүн натыйжасында сиз иштеп жаткан тигүү цехинин башчысы сиздин эмгектик укуктарыңызды бузгандыгы аныкталса, алар тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.