// //

Өлүмгө баш ийип калдым эле, кызымдын бул сөзү жашоого кайтарды

2020.09.12, 15:11
6926

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз.

Бул коронавирус деген балээ көп эле адамдын көзүн ачты

Кайдан жугузганымды билбейм, элге кошулуп мен да ооруп калдым. Башында “жөн эле грипп” деп кабыл албай жаттым. Төртүнчү күнү жыт сезбей, бешинчи күнү төшөккө куладым. Көп өтпөй кадимкидей дем жетпей баштады. Эх, ошондо абанын кадырын билдим.

Таң атпай бейтапканага барганбыз. Кезегибиз түнкү саат тогузда келди. Дарыгер пневмония деди. Колума өпкөмдүн сүрөтүн кармап үйгө жөнөдүм.

Күн сайын абалым начарлап баратты. Конучтап дары ичсем дагы болбоду. Колум менен жамбашым ийнени көргүсү жок. Акыры барып концентраторго туташтым.

“Тим эле койгулачы.” Акыркы күндөрү тамак ичпей, жөн эле шыпты тиктеп жата берчү болдум. Туугандарым “жакшы болуп кетесиң” дешип чырылдашат. Эч кимге ишенген жокмун. Башында жашоо үчүн жанталашып жаттым эле, эми минтип өлүмгө баш ийип бере баштадым. Ушундай чарчадым дейсиңер...

Ойгонсом үч жаштагы кызым концентраторду чукулап отуруптур.

- Жакуля, кантип кирип келдиң, тур ооруйсуң чык.

- Буй не?

- Концентратор.

- Консентийатой.

- Ооба, кызым. Келчи, өлгүчө бир өөп алайын.

- Сен өйөсүнбү?

- Ооба, өлөйүн деп чечтим.

- Анда, мен кимди атя дейм?

Ошол маалда өзүмчүлдөнүп жатканымды билдим. Уул, байке, ини, күйөө, эң негизгиси ата экенимди унутупмун.

Мойтойгон кызымда эмне күнөө? Мен өлүп калсам чындап эле кимди ата дейт? Ким эркелетип, ким курсагын тойгузат. Жок, мен анте албайм. Өзүм үчүн болбосо дагы ушул кызым үчүн жашашым керек.

Оюңду жакшы жакка өзгөртүп, күрөшкөндү токтотпсоң эле ооруну жеңет экенсиң. Мына, азыр минтип силер менен окуямды бөлүшүп отурам. Кызым бутумда куурчагын кучактап уктап жатат.

Өлүп калуу эң оңой, күн сайын жашоо, мына баарынан ошол кыйын. Мен экинчи вариантты тандадым, азыр эми бактылуумун. Биринчи вариантты тандап коркок болбогула! 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт