// //

Мени күйөөмдөн башка эркек карабайт деп ойлогом

2020.09.11, 14:02
14487

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бактылуу болууну чечкен айымдын катын жарыялайбыз.

“Уул эмес экен”,- деп, төрөтканага келбей койду"

“Эркектин баары бирдей болот”,- деген сөз кулагыма сиңип чоңойдум. Минтип таежем көп айтар эле, мени ошол адам тарбиялаган. Атамдын ким экенин билбейм, апам тогуз жашымда каза болуп калган.

Азыр эстесем, тайкем таежемди сыйлачу эмес экен. Коноктордун көзүнчө кагып-силкип, кээде ачык эле сөгүп салчу. Ичип келген күндөрү кол көтөрүп жибермей адаты бар болчу. Ушундай жаман сөздөрдү айтып басынтып жатса дагы таежем унчукпайт эле.

Бир жолу эмнеге кетип калбайсыз дедим. Анткени, таежеме боорум ооручу, ушундай сулуу аял эле. “Эркектин баары ушундай, аял чыдап жашашы керек”,-деп жумушун уланта берди. Жаш экенмин, анын ар бир айткан сөзүн туура кабыл алып жүрдүм.

Студент кезде бир жигит менен тааныштым. Аябай кызганчаак болчу. Элестеткиле, китепканага барыш үчүн андан уруксат сурайт элем. Анысы аз келгенсип, күн сайын кайда жүргөнүм тууралуу отчет берем. Азыр эстесем, өзүмө жиним келет.

Эч качан өз каалоолоруңду бирөөнүкүнөн ылдый койбо! Эч кимдин сени мажбурлоого жана эркиндигиңди чектөөгө акысы жок! Азыр кызыма ушинтип айтам.

Акыркы курста турмушка чыктым. Болочок күйөөм таежемдин классташынын баласы болчу. Айылга барганда учурашып калганыбыз болбосо, анча деле тааныбайт элем. Чынын айтайынбы, мен аны сүйчү эмесмин. Кийин дагы такыр сүйө албай койдум. Тууган-туушкандын баары “жашың келип калды”, “кара далы болуп каласың”, “күйөөгө тийип ал анан окуй бересиң”, ж.б сөздөрдү айтып кулак-мээмди жей бергендиктен, макул болуп койгом.

Эгер жигит сүйлөшүп жүргөндө эле жакпаса, болду мамилени токтот. Турмушка чыккандан кийин жагып кетер деп ойлосоң жаңылышасың. Башында сүйбөсөң, кийин сүйө албайсың. Буларды да кызыма айтам. 

Кол көтөрбөгөнү эле болбосо, күйөөм кудум тайжездемдин өзү эле. Эң көп айтканы: “Сени менден башка эч ким карабайт!” Бара-бара бул сөзүнө өзүм ишене баштадым. Бир-эки жолу ыйлап таежеме даттандым. “Чыдап жаша, күйөөңдөн башка эч кимге керегиң жок, бардык аялдын турмушу ушундай”,- деди. Азыр бул сөзү жалган экенин билип отурам.

Кыздуу болдук. “Уул эмес экен”,- деп, алып кеткени төрөтканага келбей койду. Бир колума эки пакетимди, бир колума кызымды көтөрүп алып өзүм чыктым.

Мени менен кошо бир келин жаткан. Ал дагы кыз төрөгөн. Күйөөсү гүл берип, сонун кылып алып чыкты. Ага чейин күн сайын шорпо алып келип, акыбалын сурап турчу. Бир жолу “кийимдериңди жууп алып келдим, жылуу байпак кошуп койдум, кийип ал”,-деп жатканын угуп калдым. Ошондо, эркектин баары бирдей эмес экенин билдим.

Көп өтпөй ажырашып кеттим. Жумушум, барар жерим жок, анын үстүнө колумда алты айлык кызым бар. Корктум, бирок эмнегедир, ушул коркунун аркасында бакыт күтүп тургандай сезилди. 

Сен бир орундан жыла албаган дарак эмессиң. Алдыга кадам таштагандан коркпо! Сени бир гана нерсе токтотуп турат, бул-ойлоруң. Бир эле кадам, болду андан ары жеңил болот. Азыр кызыма ушинтип айтам. 

Учурда менде баары сонун. Оюмду уккан, көңүлүмдү карап кам көргөн, сүйөрүн айтып турган, сыйлаган сүйүктүү жолдошум бар. Кечээ кызымды инилүү кылдым. Күйөөм өз колу менен шорпо жасап келди.

Мен силерге бир гана сөз айтам: Өзүңөрдү баалаганды үйрөнгүлө, ошондо башкалар силерди баалайт!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт