// //

Педиатр: Бул ыкма балаңызды сасык тумоодон сактайт

2018.12.19, 15:26
10277

Bilesinbi.kg долбоорунун 0704004608 ватсап номуруна келип түшкөн суроолорго дарыгер-педиатр Азамат Мырзабеков жооп берет.

Күчтүү тамактан тажап, азыр аппетити жок

Балам алты  жарым жашта, кичинекейинде эмчек эмген эмес. Күчтүү тамак берип койгон окшойбуз, азыр тамакка болгон каалоосу жок. Эмне кылсак болот?

Окурман, кичинекейинде күчтүү тамак жегенден мындай болушу мүмкүн эмес. Башка себептери бар, мисалы:

  • каны аз;
  • ички органдарында сезгенүү бар.

Канга анализ тапшыртып, ички органдарын УЗИге тарттырып, гастроэнтерологдон консультация алыңыз. Андан соң дарылануу башталат.  

Баламдын көзү сары

Баламдын төрөлгөнүнө 10 күн болду. Көзүнүн сарысы кетпей жатат. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

Жаңы төрөлгөн бала өзүнүн физологиясына ылайык сары түстө болот. Себеби, ымыркайдын гемоглобини башкача. Алгачкы 10-15 күндө сары өң кетпейт, 15-20 күндөн кийин кете баштайт. Эгер сары түс кетпесе, кандагы билирубинди текшертүү зарыл. Сөзсүз педиатрга кайрылыңыз.

Киндигинен суу чыгат

Бир жаш беш айлык баламдын киндиги бир аз кызарып, суу чыгат. Эмнеге мындай болуп жатат? Кимге кайрылам?  

Бала эненин ичинен киндик аркылуу азыктанат. Ошондой эле киндик менен кычкылтек кирип, көмүр кычкыл газы чыгат. Бала төрөлгөндөн кийин киндик бүтөлүшү керек, эгер бүтпөй калса суу чыга берет. Хирургиялык патология дагы болушу мүмкүн. Балдар хирургуна кайрылып, текшерүүдөн өткөрүңүз.

Ич көбүү

Баламдын ичи көбөт. Үй шартында эмне кылсам болот?

Урматтуу окурман, балаңыз канча жашта?

Кичинекей (1-3 жаш) болсо ичи көбөт. Баланын ички флорасы алмашып, жеген тамагы ачып, газдарды пайда кылат. Укропту сууга демдеп берсеңиз болот. Үй шартында сааттын жебесинин айланышы менен ичин укалаңыз, тизесин курсагына карай бүгүп көнүгүү кылыңыз. 

Эгер бала 3 жаштан чоңураак болсо, дарыгер себептерин аныктайт.

Сасык тумоо

Учурда суук түшүп кичинекей балдар көп ооруй баштады. Балам сасык тумоолоп калбашы үчүн эмне кылсам болот?

Туура айтасыз, азыр ооруп кайрылгандар абдан көп. Ар бир ата-эне баласына туура кам көрүшү керек. Вирустук оорулардын жугушун алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү жасоо керек:

  • Үйдү жана баланы бир температурада кармоо;
  • Бөлмөнү бат-баттан желдетип туруу;
  • Таза абага чыгаруу;
  • Бакчага барса көзөмөлгө алуу (мүмкун ооруган балдар бар);
  • Туура тамактандыруу.

Жогорку ыкмаларды профилактика катары колдонсоңуз болот.

Биринчи байлык – ден соолук!

Урматтуу окурман, суроолоруң барбы? Анда 0704004608 ватсап номура узат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
К
Космира Токтобаева
12.01.2019, 22:16

Саламатсызбы...менин кызым 3жашта апетити жок эсе...суюктукту коп ичет...мисалга кампот кайнатылган суу...бул  оорунун белгилери эмеспи?жообунузга рахмат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт