// //

Үй жыйнап жатып кайын энемдин мага жазган катын таап алдым

2020.09.08, 15:57
10404

Салам Bilesinbi.kg! Бүгүн менин маанайым сонун! Эмнеге дебейсиңерби? Үй жыйнап жүргөм. Кайын энемдин тумбочкасын сүртүп жатып, ичинен эски тетрадды көрүп калдым. Ыргытып жиберейин деп таштандыга алып баратсам бир барак түшүп кетти. Ачып карасам мага жазылган кат экен. 

“Садагаң болоюн Жакулям! Берекем! Алтыным! Эмнеге кудайым мендей кайын энени сага ыраа көрдү экен. Балким, сен аркылуу көзүмдү ачкысы келгендир. Эгер, ошондой болсо анда максатына жетти.

Жакшы кайын эне болгум келчү, бирок өз кайын энемден көргөн кордуктарымды сенден чыгарчу болчум. Бара-бара бул адатка айланып, токтоно албай калдым.

Өзүң деле билсең керек. Жоки (күйөөм) экөөңдү атайылап уруштурчумун. Көйнөгүн мен күйгүзгөм, телефонун мен бузгам, машинасын мен чийгем, тамагына тузду мен кошком. Сен чай койгону кеткенде, акырын жанына отуруп алып, “мага каяша айтат, сөзүмдү укпайт, кечке телефон чукулайт” деп шыбырайт элем. Ушундай нерселерден ырахат алган жаман адаммынбы?

Жакуялым, Жакулям... Апалап жанымдан чыкпайсың. “Эмне жегиңиз келет” деп көңүлүмдү караганың сайын, сыйыңды көтөрө албай көбө бердим. Сага күлүп сүйлөгөнүм менен артыңдан бычак сайып жаттым. Сен муну билген жоксуң!

“Апам менен бир нерсе болсун, силердин түбүңөргө жетем!” Абалым өтө оор болчу. Күттүргөнүнө бир сааттай болуп калган тез жардам менен урушуп жаттың. Тызылдап ары-бери чуркап, чый-пыйың чыкканыңды көрүп ыраазы болдум. “Мендей жаман кайын эненин эмне кереги бар” деп шыбырадым. Түшүнгөн жоксуң. Кайра тескерисинче, колу-бутумду ушалап, дем алып жатабы деп кулагыңды мурдума такап, баары жакшы болорун айттың.

Жакулям, жаман апаңды кечирип кой! Өз балам сенчелик мага күйгөн жок. Мен эми жакшы кайын-эне болгонго аракет кылам (ушул жерден апам ыйласа керек, барак суу болуп анан кургап калыптыр). Булардын баарын бетиңе айта алган жокмун. Убагы келгенде баракты берем же өзүң таап окурсуң.”

Чын эле апам ооруканадан чыккандан кийин өзгөрүп калган. Кечээ экөөбүз чогуу отуруп оромо жасадык, мурда күнү “бутуң үшүп калат” деп калың байпактарынан бирди берди, эски машинасын алып чыгып мага чыптама тиге баштады.  

Жашымды сүрттүм. Ручканы алып, каттын түбүнө “Апа, мен сизди жакшы көрөм!” деп жазып, көрүнүктүү жерге коюп койдум.

Апам бөлмөсүнө кирип кетти. Акырын барып терезеден карасам, жылмайып катты кучактап отуруптур. Баса, бул катты апамдын уруксаты менен жибердим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “мурда ажырашкан келиндүү болгонума бактылуумун” деп мени коргоду

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт