Атам мага кол көтөрөт, андан көрө турмушка чыгып кетсемби? Психологдун кеңеши
Мен 18 жаштамын. Менин көйгөйүм - атам. Акыркы 1,5 жылдан бери мамилеси өзгөрүп кетти. Мага ишенбейт, майда нерселерге деле жаңжал чыгара берет, көңүлдү оорута турган сөздөрдү айтат, кол көтөрөт.
Ооба, өзүм да ишеничтен чыгып калдым, аны билем. Бирок, анын ишенчин кайра кайтаруу үчүн болгон аракетимди жасап жатам.
Апам иштебейт, бизди атам багат. Бакканын милдет кылат, акча берсе, анын артыгын чыгарып салат. Азыркы учурда экинчи аялы бар, үйгө анда-санда эле келип турат. Келген сайын ызы-чуу, уруш-талаш.
Эмне кылсам? Турмушка чыгып кетсемби? Мага кеңеш берип коюңузчу?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Турмушка чыгуу үчүн бир гана негиз бар – бул конкреттүү бир адамды сүйүү жана аны менен үй-бүлө курууну каалоо.
Ата-эненин үй-бүлөсүнөн качуу максатында турмушка чыгуу, жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Зомбулук көрсөткөн атадан кутулам деп, күйөөгө тийсеңиз эле жыргал жашоо башталаары күмөн.
Алгач, иштеп, өз алдынчалыкка умтулуп, жашооңуз үчүн жоопкерчиликти өз колуңузга алганды үйрөнүңүз. Ата-энеңизден бөлүнүп, алардан көз карандысыз болууга аракет кылыңыз. Финансылык көз карандысыздыкка умтулуңуз.
Балдар ата-энесинин үйүнөн чыгып, бөлүнүп жашап, чечим чыгарып, жашоосун өзү калчаганы нормалдуу нерсе. Эркек балдар үчүн дагы, кыздар үчүн дагы. Бул оңой эмес, бирок ишке ашырууга мүмкүн.
Эмнегедир, көпчүлүк, заманбап жашоонун жетишкендиктери менен колдонбостон, байыркы замандын ой жүгүртүүсү менен жашап келишет.
Урматту кыздар, бардыгыңарга кайрылам! Биз азыр XXI кылымда жашап жатабыз. Бардыгыбыздын жарандык укуктарыбыз бар. Алар жынысыбызга карабастан бардыгыбыз үчүн бирдей. Силерде да окуп билим алууга, жеке максаттарды ишке ашырууга, сүйүкттүү кесибиң менен иштөөгө, өзүң каалаган адамга жана өзүң каалаган учурда турмушка чыгууга же ажырашууга укугуңар бар.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?