Бетимдеги уячаны кантип жок кылса болот? Пластикалык хирургдун жообу
Саламатсызбы. Менин бетимде уяча бар, бирок ал мага жараша бербейт. Ошону кантип жок кылса болот? Алдын ала рахмат!
Лейла Гасан-Заде
Пластикалык хирург
Саламатчылык. Алгач бетиңиздеги уяча эмнеден улам пайда болгонун аныктоо зарыл. Эгер бул тубаса, башкача атканда сиз төрөлгөндө эле пайда болгон уяча болсо аны алып салуу оор.
Себеби, пластикалык операция жасалса, жаактагы чайнай турган булчуңдарга залака келтирип алуу коркунучу жогору болот. Ошондуктан мындай кийлигишүү сиз каалагандай натыйжа бербейт жана кийин андан да оорураак көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Бетиңиздеги уяча кийинчерээк, кандайдыр бир механикалык таасир этүүдөн улам (жыгылуу, бир нерсеге урунуп алуу) пайда болгон деффект болсо, анда да доктурдун өзүнө көрүнүп, консультация алуу керек.
Көрбөй туруп так жооп берүү кыйын болуп турат.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Пластикалык хирург Лейла Гасан-Заде менен инстаграмдагы @dr.leyla_plastika баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Пластикалык хирургияга тиешелүү суроолорду бул жактан окусаныз болот:
Бетке уяча жасатса болобу? Пластикалык хирург жооп берет
Сурма жасатуу операциясы канча сом турат? Пластикалык хирург жооп берет
Эмизгенден кийин эмчегим жайылып, ылдый түшүп калды, эмне кылсам болот?