Эмизгенден кийин эмчегим жайылып, ылдый түшүп калды, эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Менин бир балам бар, төрөгөндөн кийин эмчегим жайылып, ылдый түшүп калды. Кантип көкүрөгүмдү өйдөлөтсөм болот? Көлөмүн кичирейте турган аппараттар барбы?
Лейла Гасан-Заде
Пластикалык хирург
Саламатчылык. Сиздин учурда аппараттык ыкмалар эффективдүү болбойт. Эң мыкты жолу бул пласткалык операция жолу менен көкүрөктү өйдө көтөрүү. Бул - мастопексия деп аталат.
Төрөгөндө, бала эмизгенден кийин же кескин арыктаганда эмчек жайылып, салаңдап калат. Мастопексия жолу менен ашыкча терилер алынып, эмчектин контуру калыптандырылып, үрптөр мурунку ордуларына - көкүрөктүн ортосуна жайгаштырылат. Бул процедурадан кийин төш тоголок, өйдө тартылган болуп калат.
Операциядан кийин дагы төрөп, бала эмизе берсе болот, эгер сүт бездерине доо келтирилбесе. Жалпы анестезия берилет, узактыгы 2-4 саат. Мастопексия биздин клиникада 65 000 сомго жасалат.
Операцияга каршы көрсөтмөлөр бар. Эгер:
- сүт бездери дагы деле сүт иштеп чыгарып жатса;
- көкүрөктө шишик, без, берч бар болсо, мастопексия жасалбайт.
Ошондуктан алдын ала УЗИге түшүп, медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл. Чыккан жыйынтыктарга жараша кийинки тактика тандалат.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Пластикалык хирург Лейла Гасан-Заде менен инстаграмдагы @dr.leyla_plastika баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.