Бетке уяча жасатууга болобу? Пластикалык хирург жооп берет
Саламатсызбы! Бетке уяча жасатууга болобу, билип бериңизчи сураныч? Канчалык зыяны бар? Канча турат?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, пластикалык хирург
Саламатчылык. Бетке уяча жасоо операциясы “димпл-эктомия” деп аталат. Англис тилинде димпл - уяча, эктомия – чегип жасоо дегенди билдирет.
Хирург беттин ички тарабын кесип, майдын бир катмарын алат. Андан кийин кесилген жерди кайра тигет. Ички тарабынан жасалган кесик, терини кууштура тартып, сырт жагынан кадимки уячадай көрүнөт.
Эффектиси өмүр бою сакталат. Кийин жакпай калса кайра оңдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан жакшылап ойлонуп, чечим кабыл алуу керек. Карыган сайын уяча бырышка айлана турганы эсиңизде болсун.
Операциянын узактыгы - 1 саат.
“Medcenter.kg” клиникасында баасы - 250$
Перманенттик макияж да жасатса болот, анын эффектиси 3-6 айга чейин сакталат.
Ден соолукта болуңуз!