// //

Сурма жасатуу операциясы канча сом турат? Пластикалык хирург жооп берет

2020.07.02, 13:32
3915

Саламатсызбы. Мен 25 жаштамын, көзүм бүтүк. Операция жасатсамбы деп жүрдүм эле. Канча сом кетет? Канча күндөн кийин көзүм жакшы болуп калат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.07.2020, 13:36

Лейла Гасан-Заде

Пластикалык хирург

Саламатчылык. Сурма жасатуу операциясы блефаропластика деп аталат. Блефаропластиканын жардамы менен сурма жасатып, же болбосо көздүн үстүндөгү салаңдап турган ашыкча терини алып салса болот. Ошону менен көздүн көлөмү чоңоет.

Операция 18 000 сом турат, узактыгы 1,5 саат. Тигилген жериндеги жиптер 5 күндөн кийин алынат. Шишиктери бир жуманын ичинде тарайт. Ал эми операциянын натыйжасы толугу менен бир айдан кийин билинет.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Пластикалык хирург Лейла Гасан-Заде менен инстаграмдагы @dr.leyla_plastika баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
D
Doolot 1707
25.04.2022, 11:06

Адресинерди бергилечи

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт