// //

Ар дайым тамак жана ашыкча салмак жөнүндө ойлоном. Мындан кантип кутулам?

2020.09.04, 10:30
1683

Саламатсызбы. Сизге кайрылуумдун себеби мен ар дайым тамак жөнүндө ойлоном. Бир жыл мурун арыктап баштагам. Туура тамактанууга өтүп, кыйла арыктадым. Азыркыга чейин салмагымды өзгөртпөй кармап келем. Ар дайым өзүмдү контролдоп турам. Тамакты аз жейм, көп жеп алсам, артынан дары ичип, чыгарып салам.

Жакындарымдын бардыгы, аябай арыксың дей беришет. Бирок мага ушундай болгон жагат, толгум келбейт.

Салмагым жөнүндө көп ойлоном. Кантип салмак жөнүндө, тамак жөнүндө ойлонбой койсом болот? Булимияга кабылуудан корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.09.2020, 10:30

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Саламатчылык. Тилекке каршы, жашыңыз канчада экенин жазбаптырсыз. Анткени ар кандай жаш куракта адамдын өзүнүн салмагына жана сырткы келбетине болгон мамилеси өзгөрүп турат.

Ашыкча салмак көйгөйү толугу менен сиздин мээңизди ээлеп алган экен. Толуп кетпөө максатында көптөгөн олуттуу кадамдарды, аракеттерди жасап келесиз.

Мындай көрүнүш сиздин жашооңузга кандай таасирин тийгизип жатат? Жан дүйнөңүздүн абалы жана ички сезимдериңиз кандай?

Адамдын тамактануусу жана бул процесске жасаган мамилеси анын өзүнө, дегеле жашоого жасаган мамилесин чагылдырып турат. Салмак сырткы келбет менен эле эмес, ден соолукка да байланыштуу. Чектен ашып кетүү коркунучу жогору.

Каалоолорду, тамакка болгон табитти басуу, чектөө, тыюу салуу, ж.б. факторлор өзүн-өзү башкара албагандыкка “булимиялык срывка” алып келет. Мындайда адам көзүнө көрүнгөн тамактын баарын жей баштайт.

Булимия менен адамдын ички психологиялык көйгөйлөрү ар дайым эриш-аркак жүрөт. Ошондуктан биринчи кезекте медициналык билими бар адиске, психотерапевтке кайрылууну сунуштамакмын.

Ден соолукта болуңуз!

Булимия – бул психикалык оору. Башкы белгилеринин бири, ачкачылык сезими, жыйынтыгында ашыкча тамак жеп алып, андан кийин кайра кусуу, же атайын дарылардын жардамы менен чыгаруу.  

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Булимия жөнүндө бул жактан дагы окусаңыз болот: 

“Күйөөмдүн акчасын уурдап, тамак алып жей баштадым”. Булимик аялдын окуясы

Мамилелер тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт