// //

“Күйөөмдүн акчасын уурдап, тамак алып жей баштадым”. Булимик аялдын окуясы

2019.04.20, 11:43
6033

Булимик адам тамак жегени үчүн өзүн күнөөлөйт. Дары ичип, кусууга аракет кылат. Bilesinbi.kg булимия дартына чалдыккан аялдын окуясы тууралуу баяндап берет.

"Жамбашың Дженнифер Лопестикиндей"

Кичинемде тамак биздин үй-бүлө үчүн сыйлык эле: жакшы иш кылсаң -таттуу жейсиң, жаман иш кылсаң - бир жума жебейсиң. Ошентип тамак менин жашоомдун негизги орунун ээледи.

16 жашка чыкканда толо баштадым. Бирок бул мен үчүн көйгөй эмес болчу, жашоодон ыракат алып, жыргап жүрдүм. Баары классташымдын  “жамбашың Дженнифер Лопестикиндей”,- дегенинен башталды.

Арыктоону чечтим. Өзүмө метод ойлоп таптым: баарын жесе болот, бирок жарымын гана. Курсагым тойгон жок, бирок өзүм менен сыймыктанып жаттым. Бара-бара ундуу азыктарды, шириндиктерди жебей калдым. Суу көп ичип, бассейнге бара баштадым.

Күзгүдөн өзүмө толук көрүнө бердим

Арыктаган сайын менде маниакалдык абал пайда болуп баратты. Ашыкча алма жесем 10 кг семирип кетем деп ойлочу болдум. Саат сайын пресс жасап, тарелкада май калып калбасын деп, 5-6 жолу жууй турган адат таптым. 173 см боюм менен 49 кг жеттим. Анда дагы ашыкча салмагым бардай сезилип, күзгүдөн өзүмө толук көрүнө бердим.

Этек кирим токтоду. Бейтапканага барсам, “аменорея” дартына чалдыкканымды айтышты. Тукумсуздуктун 2-даражасы. Гормон иче баштадым. 24 жашымда боюмда болду. Анда да спорт менен машыгып, тамактарга чектөө коюп жаттым. Балам катуу аллергик болуп төрөлдү.

Төрөттөн кийин ашыкча тамактанып баштадым. Балам жаныма келсе бакырып, өзүнчө тамактанган адат таптым. Дем ала албай калганча тамак жечүмүн. 3 күн ачарчылык кылып, кайра эле ашыкча тамактанып алып жаттым.

Кийин күйөөмдүн акчасын уурдап, бекинип барып тамак алып жей баштадым. Психологго кайрылдым. Жыйынтык бербеди. 10 жыл убакыт өттү. Тамакты гана ойлоп калдым. Бизнесимди жоготтум. Акырында оорулуу экенимди мойнума алдым. Анан баары өзгөрүлө баштады.

Булимия кандай оору жана ага кимдер чалдыгат деген суроо менен Bilesinbi.kg Бишкек шаарындагы Компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубунун мүчөсүнө кайрылды.

Булимия оорусу - тамак-ашка болгон жүрүм-турумдун бузулуусу. Мындайча айтканда адам тамак жеп бүтүп, өзүн күнөөлөйт, жасалма жол менен кустурат.

Булимиктер сыртынан караганда билинбейт. Физикалык жактан нормалдуу көрүнүшөт. Болгону алардын психикасы бузулган. Бул оору менен жапа чеккен адам өзүнүн оорулуу экенин билбейт. Баары эле көп жейт деп ойлойт.

Эң негизги кеп тамак жеп, өзүңдү кустуруп койгондо эмес - өлүмгө алып баруу рискинин жогору болушу. Себеби бул психикалык абал депрессияга алып келет.

Булимиктер жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт. Алар минтип жашагысы келбейт, бирок кайда, кимге кайрылууну билишпейт.

Көп тамак жеген адамдар бар, бирок алар тамактангандан кийин өздөрүн күнөөлөбөйт. Булимиктер болсо, “эмнеге жедим”,- деп өздөрүн жемелешет.

Булимик адамдын мүнөздүү белгилери:

  • Бул ооруга чалдыкканын билбейт
  • Жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт
  • Тамакты ырахаттануу менен эмес, ылгабастан, даамын татпастан механикалык түрдө жейт
  • Жесе да, жебей койсо да жаман болот
  • Дайыма кабатырлануу, тынчсыздануу абалында жүрөт
  • Тамак-аштан башканы ойлобойт, өзүнүн жашоодогу ролун унутат
  • Кылган аракетине шылтоо издейт
  • Башына куруп алган идеалына жетсем гана бактылуу болом деп ойлойт
  • Эч кимдин оюн укпай калат
  • Эрки жоголот
  • Өзүн жасалма жолдор менен кустурат
  • Негизги кызыкчылыгы тамак болуп калат.

Булимия менен күрөшүү жолдору:

  • Эң маанилүүсү өзүңдүн оорулуу экенинди моюнга алуу
  • Жашоону, өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алуу, сүйүү
  • Эч кимди күнөөлөбөй, жашоо мыйзамы менен жашоого аракеттенүү
  • Эч качан түнт болуп, жашынып албоо
  • Жакын адамдарыңа ачылуу
  • Жардамга кайрылуу
  • Ачыкка чыгаргандан коркпой, булимия менен күрөшүү.

Биздин компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубунда жолугушуулар болуп турат. Ал жерде булимиядан айыккан адамдар, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Көп адамдар сакайып, нормалдуу жашоого кайтып келишкен. Баары бекер. Байланыш телефонубузду редакциядан алсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт